23-февраль, 7-апрель жана 7-8-ноябрь иш күн болуп калышы мүмкүн. Долбоор

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук гвардиянын жоокерлери Бишкектеги Ала-Тоо аянтында. Архив
Улуттук гвардиянын жоокерлери Бишкектеги Ала-Тоо аянтында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2024
Жазылуу
Долбоор Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында бизнес-чөйрөнүн өкүлдөрүнүн демилгеси менен иштелип чыккан
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кыргызстанда 23-февраль (Мекенди коргоочулар күнү), 7-апрель (Апрель элдик революциясы күнү), 7-8-ноябрь (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү) Кыргызстанда дем алыш эмес, иш күн болушу мүмкүн.
Мындай сунуштар жаңы Эмгек кодексинин долбооруна киргизилгенин Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.
Белгилей кетсек, министрлер кабинети долбоорду жактырган, эми кезек Жогорку Кеңеште.

"Долбоор Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында бизнес-чөйрөнүн өкүлдөрүнүн демилгеси менен иштелип чыккан", — деп айтылат маалыматта.

Бул даталар мамлекеттик майрам болуп кала берет, бирок иш күндөрү болот.
Дагы бир жаңылык: дем алыш күндөрүн жылдыруу нормасы жокко чыгарылды. Мурда майрам ишемби же жекшембиге туура келсе, эс алуу күнү кийинки жумуш күнүнө которулчу. Эми мындай болбойт.
Документте жаңы жыл (1-6-январь) жана май майрамдары (1, 2, 3, 4, 6, 7, 8-май) да так көрсөтүлгөн.
Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2024
Депутат 15-мартты Аталар күнү деп белгилөө боюнча мыйзам долбоорун сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0