Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Бишкекте өтө турган "Өлбөс полк" жүрүшүнүн маршруту белгилүү болду

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү. Архивдик сүрөт
Бишкекте Өлбөс полк жүрүшү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2024
Жазылуу
Жети чакырымды түзгөн маршрут ортодон кошула тургандар үчүн ыңгайлуу.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Быйыл Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшүнүн маршруту мурдагыдай эле (Түштүк дарбаза – Байтик баатыр/Абдрахманов көчөсү – Фрунзе көчөсү – "Жеңиш" аянты) болот. Бул тууралуу Афганстан жана башка согуштардын ардагерлеринин "Майдандагы бир туугандык" коомдук кыймылынын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Эмилбек Ункуев билдирди.
© Sputnik / Жантай МакеновАфганстан жана башка согуштардын ардагерлеринин "Майдандагы бир туугандык" коомдук кыймылынын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Эмилбек Ункуев
Заместитель председателя правления Общественного движения ветеранов войны в Афганистане и других военных конфликтов Боевое братство КР Эмильбек Ункуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2024
Афганстан жана башка согуштардын ардагерлеринин "Майдандагы бир туугандык" коомдук кыймылынын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Эмилбек Ункуев
Ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин пресс-борборунда өткөн брифингге катышкан.
"Түштүк магистралдан баштап "Өчпөс отко" чейин кеткен маршрут салттуу болуп калды. Бул тийиштүү органдарга жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылууда дагы абдан ыңгайлуу", — деди Ункуев.
Коргоо министрлигинин өкүлү Белек Абдрахманов бул каттам жүрүшкө катышууну каалагандар үчүн оңтойлуу экенин кошумчалады.
© Sputnik / Жантай МакеновКоргоо министрлигинин өкүлү Белек Абдрахманов
Замначальника Главного управления воспитательной работы, начальник управления воспитательной работы Генштаба ВС КР Белек Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2024
Коргоо министрлигинин өкүлү Белек Абдрахманов
"Бул 7 чакырым аралыкты баса албагандарга ортодон кошулуп, иш-чарага катышууга мүмкүнчүлүк берет", — деп түшүндүрдү ал.
Өлбөс полк акциясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2024
Пресс-борбор
Быйыл "Өлбөс полк" акциясы Кыргызстандын кайсы аймактарында өтөрү айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0