Павел Дуров: АКШнын чалгын кызматы менде иштеген инженерди азгырган

© AP Photo / Tatan Syuflana"Вконтакте" социалдык баракчасы менен Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров. Архив
Вконтакте социалдык баракчасы менен Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. "Вконтакте" социалдык баракчасы менен Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров америкалык белгилүү журналист Такер Карлсонго маек берди.
Айтымында, АКШнын чалгын кызматтары анын кол астында иштеген инженерди өздөрүнүн пайдасына азгырууга аракет кылышкан.
"Мен АКШга соңку ирет барганымда жанымда Telegram мессенжеринде иштеген инженерим болгон. Киберкоопсуздуктун кызматкерлери мага билгизбей аны ишке алууга аракет кылышыптыр", — деди Дуров.
Ал ошондой эле АКШга барганда аны атайын кызматтын өкүлдөрү аэропорттон тосуп алып, ал тургай ижарага алган үйүнө чейин келишкенин кошумчалады.
АКШ президенти Жозеф Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2024
Карлсон: адилеттүү шайлоодо Байден жеңишке жетпейт
Жаңылыктар түрмөгү
0