Садыр Жапаров Казакстанга расмий сапар менен барат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров учактын трапынан түшүп жатат. Архив
Президент Садыр Жапаров учактын трапынан түшүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2024
Жазылуу
Астана шаарында Манастын эстелиги ачылары белгилүү болду.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 17-18-апрель күндөрү Казакстанга расмий сапар менен барарын администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Сапардын алкагында Жапаров коңшу өлкөнүн жетекчиси Касым-Жомарт Токаев менен жолугат. Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган эки жактуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча актуалдуу маселелерди, ошондой эле кыргыз-казак алакаларынын өнүгүү келечегин талкуулашары айтылды.
"Садыр Жапаров Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин VI жыйынына жана Астана шаарында Манастын эстелигинин ачылыш салтанатына катышат", — деди Азымбакиев.
Сапарга карата "Кыргызстан – Казакстан" бизнес-форуму, аксакалдардын жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн тегерек столу, кыргыз-казак жаштар форуму жана илимпоздордун "Кыргызстан жана Казакстандын актуалдуу маселелерин чечүүдө илимди өнүктүрүү келечеги" форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар белгиленгени маалым болду.
Казакстанга гуманитардык жардам жөнөтүү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2024
Кыргызстан Казакстанда селден жабыркагандарга гумжардамдын экинчи партиясын жөнөттү
Жаңылыктар түрмөгү
0