Баалуу продукция. Өлкөдө жүндү кайра иштетүү колго алынары айтылды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЖүндү кайра иштетүү. Архивдик сүрөт
Жүндү кайра иштетүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2024
Жазылуу
Семинарда жабдууларынын орточо баасы 5 455 долларга барабар жүн жууркан тиккен цех көрсөтүлгөн.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Мындан кийин айылдарда жүн таштандыга ыргытылбай баалуу продукцияга айланат. Бул тууралуу атайын көргөзмө-семинарда айтылганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган семинарда жүндү кайра иштетип, жууркан тиккен цех көрсөтүлгөн. Жабдуусунун орточо баасы 5 455 долларга барабар экени айтылды.
"Бул баа айылда фермерлерге ыңгайлуу, кирешелүү чакан өндүрүш болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө ак жүндүн килограммы 60-100 сом, кара жүн 10-15 сомго бааланууда. Иштетилген жүндөн улуттук кийим-кече, жууркан-төшөк, кийизден жасалган түрдүү буюм-тайымдар чыгарылат", — деп айтылган маалыматта.
Көргөзмөдө жүндү кайра иштетүү аркылуу айыл жергесинде ыргытылып жаткан жүндүн баалуулугун арттырууга өзгөчө маани берилери кошумчаланды.
Аталган иш-чараны Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти уюштуруп, ага 7 облустун жана 40 райондун жетекчилери, өнүктүрүү фонддорунун өкүлдөрү жана дыйкан-фермерлер катышкан.
Бишкектин эски аянтындагы агро өнөр жай көргөзмөсүнө келгендер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2024
Министрлик: 13 жылда 15 млрд. сомго айыл чарба техникасы лизингге берилген
Жаңылыктар түрмөгү
0