Кыска метраждуу фильмдерден толук метраждуу тасмаларга карай

Кыска метраждуу фильмдерден толук метраждуу тасмаларга карай
Жазылуу
Коноктор
Сүйүм Сулейманова, кинопродюсерТыныстан Темиржан, кино режиссёр
Бир кезде кыргыз тасмаларынын алтын доору деген мезгил үзүмү пайда болгон. Кыргыз кино жаратуучулары азыр да бул тармактын адистеринин чыгармачылык дарамети жетиштүү экенин, каржы багытында тиешелүү деңгээлде колдоо болсо дагы да кыргыз кереметтери жарала берерин айтышат.
Киночулардын бул сөзүн өлкөдө өндүрүлгөн продукциялардын түрдүү эл аралык сынак, фестивалдарда жогорку орундарды багынтып жатышы да тастыктап турат. Алардын бири “Үмүт” кино фестивалы. “Мында көбүнчө кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлөт. Азыр бул форум бир гана Кыргызстан эмес, башка өлкөлөрдү да камтып эл аралык деңгээлге чыкты.
Ошондой эле ал жаш режиссёрлор менен сценаристтердин пикир алышып, тажрыйба алмашуучу аянтчасына айланып калды."Биз быйыл аталган форумга "Ромео" аттуу кыска метраждуу тасмабыз менен катыштык. Бул — режиссёр Тыныстан Темиржандын дипломдук эмгеги", — деди кинопродюсер Сүйүм Сулайманова.
Маекти толугу менен аталган программадан уга аласыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0