Иранга кол салуу. Евробиримдик лидерлери Израиль менен тилектеш экенин айтышты

© AP Photo / Virginia MayoЕвробиримдиктин желектери
Евробиримдиктин желектери  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2024
Жазылуу
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (куралдуу күчтөрдүн элиталык армиясы) 2024-жылдын 14-апрелине караган түнү Израилдин аймагына контрчабуул жасаган.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Евробиримдик лидерлери Брюсселде өтүп жаткан саммитте Иранга жакында эле жасалган чабуулдун фонунда "Израиль менен тилектеш" экенин билдиришти. Бул тууралуу жолугушуунун жыйынтык документинде айтыларын РИА Новости жазды.
"Еврокеңеш Израиль элинин коопсуздукту жактаган каалоосуна тилектеш", — деп жазылат документте.
Мындан тышкары, анда "Еврокеңеш тараптарды сабырдуулуука чакырып, региондогу абалды курчутуп жиберчү аракеттерден оолак болууга үндөгөнү" жазылган.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (куралдуу күчтөрдүн элиталык армиясы) 2024-жылдын 14-апрелине караган түнү Израилдин аймагына контрчабуул жасаган. Бул Тегерандын Израилдин учактары Сириядагы Иран консулдугун бомбалоосуна берген жообу болгон.
14-апрелдеги кол салуу ар кыл маалымат булактарына ылайык, ондон тарта жүзгө чейинки ракеталар жана пилотсуз учуучу аппараттар, анын ичинде Shahed камикадзе дрондору менен коштолгон. Кийинчерээк алардын арасында "Фаттах", "Фаттах-2" кубаттуу ракеталары болгону жана ал максатына жеткени айтылды.
Израиль армиясынын маалыматы боюнча, Иран аларга каршы 300дөн ашуун пилотсуз учак менен ок-дары колдонгон. Анын ичинде 170ке чукул дрон, 30дан ашык канаттуу жана баллистикалык 120 ракета бар. Анткен менен Иран алардын аймагына "бир нече" ракета жеткенин, "чыгым көп деле болбогонун" айтууда.
Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Мохаммад Багери Тегеран "Чындык убада" операциясын аяктагандыгын жана аны улантпай тургандыгын билдирген. Эгерде Израиль кандайдыр бир дагы башка чараларды көрө турган болсо, иран операциясы мурдагыдан катуу болоруна убада берген эле.
Израилдик министр Бени Ганц өлкө Иран кооптуулугуна каршы аймактык коалиция түзүү ниетинде экендигин жана чабуулга тиешелүү түрдө, тиешелүү саатта жооп кыларын билдирген. Агенттик Тегерандын мындан аркы кадамдарын жакында аныктай турганы күтүлүп жатканын кошумчалады.
Ирандык демонстранттар Тегерандагы аянтта Израилге каршы митинг учурунда мечиттин алдында ракетанын үлгүсүн кармап турушат. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
"Көз ирмемде болуп кетет". Ирандын ТИМи Израилге дагы катуу жооп болорун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0