Кыргызстан менен Казакстандын аксакалдары жана чыгармачыл интеллигенциясы чогулду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Кыргызстан менен Казакстандын аксакалдар жана чыгармачыл интеллигенциясынын тегерек столуна катышты.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Кыргызстан менен Казакстандын аксакалдар жана чыгармачыл интеллигенциясынын тегерек столуна катышты. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2024
Жазылуу
Касмамбетов кыргыз-казак маданий байланыштарын сактоо жана илгерилетүү маанилүү экендигин белгилеген.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Кыргызстан менен Казакстандын аксакалдар жана чыгармачыл интеллигенциясынын тегерек столуна катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чара өлкө башчы Садыр Жапаровдун Астана шаарына болгон расмий сапарынын алкагында өттү.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Кыргызстан менен Казакстандын аксакалдар жана чыгармачыл интеллигенциясынын тегерек столуна катышты

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Кыргызстан менен Казакстандын аксакалдар жана чыгармачыл интеллигенциясынын тегерек столуна катышты - Sputnik Кыргызстан
1/4

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Кыргызстан менен Казакстандын аксакалдар жана чыгармачыл интеллигенциясынын тегерек столуна катышты

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Иш-чара өлкө башчы Садыр Жапаровдун Астана шаарына болгон расмий сапарынын алкагында өттү

Иш-чара өлкө башчы Садыр Жапаровдун Астана шаарына болгон расмий сапарынын алкагында өттү - Sputnik Кыргызстан
2/4

Иш-чара өлкө башчы Садыр Жапаровдун Астана шаарына болгон расмий сапарынын алкагында өттү

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Касмамбетов өз сөзүндө кыргыз-казак кылымдардан бери жалпы маданий, адабий жана тарыхый байланыштары менен бириккен боордош элдерден экенин белгилеген

Касмамбетов өз сөзүндө кыргыз-казак кылымдардан бери жалпы маданий, адабий жана тарыхый байланыштары менен бириккен боордош элдерден экенин белгилеген - Sputnik Кыргызстан
3/4

Касмамбетов өз сөзүндө кыргыз-казак кылымдардан бери жалпы маданий, адабий жана тарыхый байланыштары менен бириккен боордош элдерден экенин белгилеген

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Мамкатчы эки элдин адабий байланышы көрүнүктүү ойчулдар Кожо Ахмет Яссави, Жусуп Баласагын жана төкмө акындары Токтогул, Осмонкул, Калык, Алымкул жана башкалар аркылуу белгилүү экенин айткан

Мамкатчы эки элдин адабий байланышы көрүнүктүү ойчулдар Кожо Ахмет Яссави, Жусуп Баласагын жана төкмө акындары Токтогул, Осмонкул, Калык, Алымкул жана башкалар аркылуу белгилүү экенин айткан - Sputnik Кыргызстан
4/4

Мамкатчы эки элдин адабий байланышы көрүнүктүү ойчулдар Кожо Ахмет Яссави, Жусуп Баласагын жана төкмө акындары Токтогул, Осмонкул, Калык, Алымкул жана башкалар аркылуу белгилүү экенин айткан

1/4

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Кыргызстан менен Казакстандын аксакалдар жана чыгармачыл интеллигенциясынын тегерек столуна катышты

2/4

Иш-чара өлкө башчы Садыр Жапаровдун Астана шаарына болгон расмий сапарынын алкагында өттү

3/4

Касмамбетов өз сөзүндө кыргыз-казак кылымдардан бери жалпы маданий, адабий жана тарыхый байланыштары менен бириккен боордош элдерден экенин белгилеген

4/4

Мамкатчы эки элдин адабий байланышы көрүнүктүү ойчулдар Кожо Ахмет Яссави, Жусуп Баласагын жана төкмө акындары Токтогул, Осмонкул, Калык, Алымкул жана башкалар аркылуу белгилүү экенин айткан

Касмамбетов өз сөзүндө кыргыз-казак кылымдардан бери жалпы маданий, адабий жана тарыхый байланыштары менен бириккен боордош элдерден экенин белгилеген.
“Эки элдин бир туугандык, достук жакындыгынын негизи сүйлөшкөндө бири-бирин котормочу жок эле түшүнүшүндө, жашоо маданиятынын окшоштугунда. Ушундан улам эки элдин оозеки чыгармачылыгында, тарыхында, акындар поэзиясында, адабияттык дөөлөттөрдө орток ойлор, бирдей жанрлар, бирдей тематикалар, акын-ырчылардын өнөр байланыштары арбын учурайт”, — деген Касмамбетов.
Мамкатчы эки элдин адабий байланышы көрүнүктүү ойчулдар Кожо Ахмет Яссави, Жусуп Баласагын жана төкмө акындары Токтогул, Осмонкул, Калык, Алымкул жана башкалар аркылуу белгилүү экенин айткан.
“Бул улуу инсандар Жамбыл, Кенен жана башка көптөгөн акындарды шыктандырып, эки элдин ортосундагы маданий тыгыз байланыштарды бекемдеп келген. Муну менен катар кыргыз профессионал адабиятынын баштоочулары Касым Тыныстановдун, Сыдык Карачевдин, Касмалы Баялиновдун алгачкы чыгармалары казакча чыккан гезит-журналдарга жарыяланып турган. Ал эми атактуу акындар Магжан Жумабаевдин, Сакен Сейфуллиндин ырларынын кыргыз адабиятына таасири күчтүү болгон”, — деген ал.
Касмамбетов “Манас” эпосун изилдөөгө кошкон Чокан Валихановдун жана Мухтар Ауэзовдун өзгөчө салымдарын белгилеп өткөн. Ошондой эле кыргыз-казак адабий байланышы Чыңгыз Айматов жана Мухтар Шаханов сыяктуу залкар жазуучулардын аркасы менен өнүгүп келе жатканын, алардын чыгармалары адабиятта жаңы мейкиндиктерди ачып, эки элдин ортосундагы терең маданий жана интеллектуалдык байланыштарды чагылдырып турарын билдирген.
Сүйүнбек Касмамбетов сөзүнүн соңунда эки элдин жакындашуусунда жана кызматташуусунда негизги маселелер болуп кала берген кыргыз-казак маданий байланыштарын сактоо жана илгерилетүү маанилүү экендигин белгилеген.
Двухдневный официальный визит президента КР Садыра Жапарова в Казахстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2024
Садыр Жапаровду Астананын аэропортунан Токаев өзү тосуп алды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0