Өзгөчө камкордукка муктаж балдардын ата-энесине жөлөк пулду көбөйтүү сунушталды

© AFP / LOIC VENANCEБала оюнчук менен. Архив
Бала оюнчук менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Өзгөчө камкордукка муктаж балдардын ата-энелерине өкмөт тарабынан бөлүнгөн каражат жетишсиз. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Эл өкүлү өлкөдө аутизм, шал илдети, Даун синдромуна чалдыккан балдардын саны көбөйүп жатканына кейип, бул багыттагы бир катар маселелерди көтөрдү.
"Майып, шал, аутизм же Даун синдромуна кабылган балдарды ата-энеси түнү-күнү карайт. 6 300 сомдон 8 000 сомго чейин каражат алышат. Ошону өкмөт эки эсе көтөрүп берсе... Анткени реабилитациялык борборлор, массаж, кам көрүүчү жерлерге алып барат, өкмөт бөлгөн акча таптакыр жетпейт", — деди Акаев.
Ошондой эле ал аймактарда, райондун борборлорунда бош турган имараттарды өзгөчө камкордукка муктаж балдарга ылайыктап реабилитациялык борборлорго айлантууну сунуштады.
Бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2023
Депутаттар өзгөчө балдарга кам көрүүдөгү алешемдиктерди иликтейт
Жаңылыктар түрмөгү
0