On air

On air
Жазылуу
Өзгөчө камкордукка муктаж балдардын ата-энелерине өкмөт тарабынан бөлүнгөн каражат жетишсиз. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Эл өкүлү өлкөдө аутизм, шал илдети, Даун синдромуна чалдыккан балдардын саны көбөйүп жатканына кейип, бул багыттагы бир катар маселелерди көтөрдү. "Майып, шал, аутизм же Даун синдромуна кабылган балдарды ата-энеси түнү-күнү карайт. 6 300 сомдон 8 000 сомго чейин каражат алышат. Ошону өкмөт эки эсе көтөрүп берсе... Анткени реабилитациялык борборлор, массаж, кам көрүүчү жерлерге алып барат, өкмөт бөлгөн акча таптакыр жетпейт", — деди Акаев. Ошондой эле ал аймактарда, райондун борборлорунда бош турган имараттарды өзгөчө камкордукка муктаж балдарга ылайыктап реабилитациялык борборлорго айлантууну сунуштады.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Социалдык контракт" программасына катышууну каалагандарга финансылык сабаттуулук боюнча окутуу баштады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, алгачкылары Чүй облусунда башталган. Анын бирине катышкан министр Гүлнара Баатырова аталган программанын негизинде ишке ашкан ийгиликтүү долбоорлор ишкерлерге айына 40 миң сом алып келип жатканын белгилеген. "Мамлекет менен социалдык келишим түзүүнү каалагандар окутуунун жүрүшүндө ишкердик, маркетинг жана финансылык сабаттуулуктун негиздери боюнча билим алышат. Практикалык сабактарда катышуучулар бизнес-пландарды түзүүнү уйрөнүшмөкчү", — деп жазылат кабарда. Министрлик быйыл мамлекет 20 миңдей үй-бүлө менен социалдык келишим түзүүнү көздөөдө. Андан тышкары, Дүйнөлүк банктын колдоосунда 3 миң үй-бүлө менен да ушундай эле келишим түзүлмөкчү.
Юстиция министрлигинин сайтында "ишеним катты текшерүү" баскычы пайда болгонун мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, бул берилген ишеним каттардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн жасалган. "Юстиция министрлигинин сайтында "ишеним катты текшерүү" баскычы пайда болду. Жарандар сайт аркылуу нотариустар, анын ичинде чет өлкөлүк мекемелердин кызмат адамдары тарабынан берилген ишеним каттарды текшере алат", — деп жазылат маалыматта. Ошондой эле республика боюнча нотариаттын 2.0 бирдиктүү маалыматтык системасы штаттык режимде иштеп жатканы кошумчаланды.
Кыргызстан транспорт тармагында эки көрсөткүч боюнча ЕАЭБде лидер болгону Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматында айтылды. Биримдик ичинде жүк жана эл ташуунун көлөмү жогорулоодо. Кыргызстанда январь-февраль айларында жүргүнчү ташуу жаатында өсүү байкалып, 11,2 пайызды түзгөн. Экинчи орунда 10,6 пайыз менен Россия турат. Жалпы жонунан уюмда бул көрсөткүч 10 пайызга жогорулаган. Ал эми жүк ташуу ЕАЭБ өлкөлөрүндө 0,9 пайызга көбөйдү. Мындан Кыргызстан 8,8 пайыз менен биринчи орунда, 1,6 пайыз өсүш менен Беларусь экинчи сапты ээлеген.
29-апрелде Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Бишкек шаарынын күнүнө карата "Вальс кечеси" өтөт. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдап, каалоочуларды ага катышууга чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0