Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Тез жардам "Коопсуз шаардан" айып кагаз келип жатканына нааразы болуудаСергез Лавров Россия Украина менен суйлошууго дайым ачык экенин билдирдиСадыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев тар чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүштү алдыда кененирээкСадыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууда өлкө башчылар союздук мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимге кол коюшуп, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-чек ара жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташтыгынын артыкчылыктуу маселелерин талкуулашкан. Касым-Жомарт Токаев Казакстандын бир катар аймактарындагы суу ташкынга байланыштуу гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле казак президенти өлкөлөр ортосундагы товар айлантуу 1,5 миллиард долларга жетип, 26 пайызга өскөнүн, бул көрсөткүчтү эки миллиард долларга чейин көтөрүү керектигин баса белгиледи. Садыр Жапаров эки тараптуу мамилелердин мүнөзү эки элдин жалпы тарыхый тагдыры менен алдын ала аныкталганын билдирди.Соңунда эки тарап тең кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтуларын тастыктаганы кошумчаланды.
ЕАЭБ Кыргызстандын экономикасы үчүн көп пайда алып келди. Бул тууралуу Европа-Азия изилдөөлөр борборунун директору Андрей Русаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди. Анын айтымында, ЕАЭБ түптөлгөн 10 жылдан бери экономикалык аймакта иштөөнүн негизги механизмдери түзүлгөн."Мурда кошумча бажы төлөмдөрү өлкөлөрдүн ортосундагы экономикага терс таасир этип, товар менен кызматтардын кымбатташына себеп болгон. Азыр, мисалы, кыргызстандык ишкерлер Бишкектен фурага товар жүктөп, Екатеринбургга көйгөйсүз жеткире аларын айтышууда. ЕАЭБ жок болсо жүк ташуучу унаа бир нече бажы көзөмөлүнөн, чек аралардан өтмөк. Андыктан ЕАЭБ Кыргызстандын экономикасы үчүн Россияга болгон 40 пайыздык экспорт менен көп пайда алып келди десек болот", — деп билдирди адис.
Бишкекте Тез жардам кызматынын айдоочулары нааразычылык билдирип митингге чыгышты. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, алар "Коопсуз шаардан" айып кагаздар келип жатканын айтып, 2023-жылы Бишкектин Тез жардам борборуна 2,7 миллион сом айып пул чыкканына нааразы болушууда. Айдоочулар шашылыш чакыруулар болгондо эреже бузууга туура келерин, медиктер шаштырарын айтып, эми жол эрежесин бузгандан да коркуп калышканын белгилешкен. Ошондой эле митингге чыккандар Тез жардам кызматын айып пулдан бошотуу керек деп эсептешет. Нааразы болгондор менен Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары жолукту.
Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров Sputnik, "Говорит Москва" жана "Комсомольская правда" басылмаларына маек берип, Россия Украина менен сүйлөшүү жүргүзүүгө дайым ачык экенин билдирген. "Украинада аскердик операция башталгандан кийин 2-3 жума өткөн соң украиналыктар Донбассты бомбалап, чектен ашып кеткенин түшүнүп, сүйлөшүү жүргүзүүнү сунуштаганда биз дароо макул болгонбуз", — деген Лавров. Ал Киевге ишенич жок экенин айтып, Владимир Зеленский өзүнө-өзү сүйлөшүүнү тыюу салганын кошумчалаган. ТИМ башчысы Россия сүйлөшүүлөргө даяр экенин дагы бир жолу белгилеп, бирок "Стамбул окуясынан" айырмаланып, диалог мезгилинде согуштук аракеттерде тыныгуу болбой турганын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0