Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Кыргызстан суу каптоодон жабыркаган Оренбургга гумжардам жөнөтөтЛавров Россия согуштан көрө маселенин сүйлөшүү жолу менен чечилишин эп көрөрун айттыКазак президенти Жапаровду "Достык" ордени менен сыйлады алдыда кененирээк Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду І даражадагы «Достык» ордени менен сыйлады. Токаев эки элдин бир туугандыгын бекемдөөдө Садыр Жапаровдун ролун баалап, Казакстан Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыкдар экенин кошумчалады. Садыр Жапаров Токаевдин І даражадагы «Достык» ордени менен сыйлоо чечими эки өлкөнүн ортосундагы саясий ишенимдин жогорку деңгээлин, стратегиялык өнөктөштүктү ырастай турганын айтты.
Кыргызстан суу каптоодон жабыркаган Россиянын Оренбург облусуна гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 350 тоннадан турган гумжардамды өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жеткирет. 20 жүк ташуучу фурадан турган "Жардам кербени" 20-апрель күнү жолго чыгат. Гумжардам элге эң керектүү тамак-аш, турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана кийим-кече топтомунан даярдалган.
Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жетекчисинин мурдагы орун басары Акжолтой Тукунов кармалганын Чүй ОИИББден билдиришти. Маалыматка ылайык, ал массалык башаламандык уюштурууга чакырык таштоого шектелип кармалган. "Экспертизанын корутундусуна ылайык, анын соцтармактагы билдирүүлөрүндө массалык нааразылык акцияларын, башаламандык уюштурууга жана бийликти алмаштырууга үндөгөн белгилер бар", — деп жазылган билдирүүдө. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын алкагында балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл жөнүндө моделдик мыйзам иштелип жатат. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматынан билдиришти. Ага ылайык, КМШ ПААнын Санкт-Петербургда жайгашкан штаб-квартирасында социалдык саясат жана адам укуктары боюнча туруктуу комиссиянын жыйыны болуп, анда Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева комиссия төрагасынын орун басары болуп шайланган. "Мүчөлөр "Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл жөнүндө" моделдик мыйзамдын концепциясынын долбоорун жактырды. Документ КМШ өлкөлөрүндө балдардын жашоосун жакшыртуучу механизмдерди түзүүгө багытталган", — деп айтылат билдирүүдө.
Россия согуш менен мушташтан көрө сүйлөшүү жолуна ыктап келген. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштери министри Сергей Лавров Sputnik, "Говорит Москва" жана "Комсомольская правда" басылмаларына маек куруп жатып билдирди. "Президент биз согуш менен мушташка караганда сүйлөшүп чечишүүгө ыктай турганыбызды айтып келет. Сүйлөшүп да көрбөдүк беле. Украинада аскердик операция башталгандан кийин 2-3 жума өткөн соң украиналыктар Донбассты бомбалап, чектен ашып кеткенин түшүнүп, сүйлөшүү жүргүзүүнү сунуштаганда биз дароо макул болгонбуз", — деди Лавров. Лавров эске ала турган реалдуулук аскер күчтөрүндөгү абал эле эмес, Россиянын курамына кошулган жаңы территориялар, Конституцияга киргизилген өзгөрүүлөр да камтыларын белгиледи. ТИМ башчысы Москва Россия менен Украина үчүн ылайыктуу болгон конференция чакырууну сунуштаган Кытайдын позициясына баа берерин кошумчалады.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 89 сом сомго 1 евро 94 сом 71 тыйынга 1 рубль 94 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 62 сом 50 тыйындан баштап, 63 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 70 сом 70 тыйындан, дизель майы 72 сом 80 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 32 сом 70 тыйындан сатылууда.
АБА ЫРАЙЫ20-апрелге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Ишемби, 20-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +22...+27, Таласта +20...+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23...+28, Ысык-Көлдө +14...+19, Нарын аймагында +16...+21 градус жылуу болот. Бишкекте жаан жаабайт. Күндүн табы +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт. Ал эми Ош шаарында мезгил-мезгили жаан жаап, күн күркүрөп +25...+27 градус жылуу болору болжолдонду.
Жаңылыктар түрмөгү
0