20-апрелге карата аба ырайы

© пресс-служба мэрии города БишкекСирень.Архивдик сүрөт
Сирень.Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Жазылуу
20-апрелге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Ишемби, 20-апрелде, айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +22...+27, Таласта +20...+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23...+28, Ысык-Көлдө +14...+19, Нарын аймагында +16...+21 градус жылуу болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Күндүн табы +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт. Ал эми Ош калаасында мезгил-мезгили жаан жаап, күн күркүрөп, +25...+27 градус жылуу болору болжолдонду.
Жылуулук тармагы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Бишкекте жылуулук тармагы текшерилет. Түтүктөр жарылып, суу капташы мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0