Антимонополия кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары кармалды

© Фото / пресс-служба ЦИК КРМонополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жетекчисинин мурдагы орун басары Акжолтой Тукунов. Архив
Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жетекчисинин мурдагы орун басары Акжолтой Тукунов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Жазылуу
Милиция шектүүнүн чагымчыл маалыматтарды таратканын экспертиза тастыктаганын белгиледи.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жетекчисинин мурдагы орун басары Акжолтой Тукунов кармалганын Чүй ОИИББден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал массалык башаламандык уюштурууга чакырык таштоого шектелип кармалган.
"Экспертизанын корутундусуна ылайык, анын соцтармактагы билдирүүлөрүндө массалык нааразылык акцияларын, башаламандык уюштурууга жана бийликти алмаштырууга үндөгөн белгилер бар", — деп жазылган билдирүүдө.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Кишен. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2024
Кантта милициянын жаагын сындыра сабаган делип үч киши кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0