Ички мотивация керек! Жайга карата арыктоонун оңой жолдору

© Photo / Unsplash / GRAHAM MANSFIELDЗалдагы машыгуу. Иллюстративдик сүрөт
Залдагы машыгуу. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Диетолог, гастроэнтеролог Нурия Дианова жайга чейин арыкташ үчүн ички мотивация керектигин айтат. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.
Анын айтымында, алгач дарыгерге кайрылып, текшерүүдөн өтүү зарыл.
"Кандай витамин жетпей жатканын же тескерисинче, ашыкча экенин билип алып ишке киришсе болот. Эч убакта өзүңүздү башка бирөө менен салыштырбаңыз", — деген Дианова.
Арыктоонун кийинки жолу — туура тамактануу. Диетолог ар бир тамак белок, оор углевод (гарнир, нан, картошка, макарон, дан), жашылча жана кургатылган жемиштен турушу керектигин айтат.
Үчүнчү ыкма — бир же бир нече күн бою оор тамактан баш тартуу (разгрузочные дни). Бул күндөрү белок же жашылчадан турган тамак-аш жегенге болот.
"Бир күндө төрт жолу эки банандан жеп койсо болот. Бул ичеги-карынга да пайдалуу. Курсак ачып кетсе аялдар 80 грамм, эркектер 100 грамм жаңгак сунушталат. Банан жакпаса майлуулугу беш пайыз болгон 400 грамм быштак менен 650 грамм каалаган жемишти бир күнгө бөлүп жесе болот", — деп түшүндүргөн диетолог.
Суу ичип жаткан кыз. Иллюстративдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.02.2024
Диетолог көздүн алды, кол-буттун шишип калышынын себептерин тизмектеди
Жаңылыктар түрмөгү
0