КМШда балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл жөнүндө моделдик мыйзам иштелүүдө

© Фото / пресс-служба МПА СНГЖогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева
Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) алкагында балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл жөнүндө моделдик мыйзам иштелип жатат. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, КМШ ПААнын Санкт-Петербургда жайгашкан штаб-квартирасында социалдык саясат жана адам укуктары боюнча туруктуу комиссиянын жыйыны болуп, анда Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева комиссия төрагасынын орун басары болуп шайланган.
"Мүчөлөр "Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл жөнүндө" моделдик мыйзамдын концепциясынын долбоорун жактырды. Документ КМШ өлкөлөрүндө балдардын жашоосун жакшыртуучу механизмдерди түзүүгө багытталган", — деп айтылат билдирүүдө.
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл институтуна өзгөчө статус берүү балдар укугуна байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүдө жакшы натыйжа берери белгиленди.
Раимбачаева иштелип жаткан мыйзамдын маанилүүлүгүн белгилеп, ал эл аралык укуктун нормаларын колдонуу менен мыйзамдарды ырааттуу өркүндөтүүгө жана биргелешкен аракеттерди координациялоого мүмкүндүк берерин айткан.
"Мыйзам долбоорун күтүп жатабыз, биз аны парламентте карап чыгабыз", — деди депутат.
Заседание Совета министров иностранных дел (СМИД) СНГ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2024
КМШ өлкөлөрү террорчулук менен күрөшүүдө биригүү зарылдыгын айтышты
Жаңылыктар түрмөгү
0