Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев тар чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүштү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСадыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев тар чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүштү
Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев тар чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүштү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Жолугушууда өлкө башчылар союздук мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимге кол коюшуп, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-чек ара жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташтыгынын артыкчылыктуу маселелерин талкуулашкан.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү - Sputnik Кыргызстан
1/3

Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Жолугушууда өлкө башчылар союздук мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимге кол коюшуп, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-чек ара жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташтыгынын артыкчылыктуу маселелерин талкуулашкан

Жолугушууда өлкө башчылар союздук мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимге кол коюшуп, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-чек ара жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташтыгынын артыкчылыктуу маселелерин талкуулашкан - Sputnik Кыргызстан
2/3

Жолугушууда өлкө башчылар союздук мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимге кол коюшуп, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-чек ара жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташтыгынын артыкчылыктуу маселелерин талкуулашкан

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Касым-Жомарт Токаев Казакстандын бир катар аймактарындагы суу ташкынга байланыштуу гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди

Касым-Жомарт Токаев Казакстандын бир катар аймактарындагы суу ташкынга байланыштуу гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди - Sputnik Кыргызстан
3/3

Касым-Жомарт Токаев Казакстандын бир катар аймактарындагы суу ташкынга байланыштуу гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди

1/3

Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

2/3

Жолугушууда өлкө башчылар союздук мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимге кол коюшуп, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-чек ара жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташтыгынын артыкчылыктуу маселелерин талкуулашкан

3/3

Касым-Жомарт Токаев Казакстандын бир катар аймактарындагы суу ташкынга байланыштуу гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди

Касым-Жомарт Токаев Казакстандын бир катар аймактарындагы суу ташкынга байланыштуу гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле казак президенти өлкөлөр ортосундагы товар айлантуу 1,5 миллиард долларга жетип, 26 пайызга өскөнүн, бул көрсөткүчтү эки миллиард долларга чейин көтөрүү керектигин баса белгиледи.
Садыр Жапаров эки тараптуу мамилелердин мүнөзү эки элдин жалпы тарыхый тагдыры менен алдын ала аныкталганын баса белгиледи.
"Кыргыз жана казак элдерин нечен кылымдардан бери достук, боордоштук, ынак коңшулук, орток маданий, руханий, диний баалуулуктар жана каада-салттар байланыштырып турат", — деди президент Садыр Жапаров.
Соңунда эки тарап тең кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтуларын тастыктаганы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров расмий сапар менен Казакстанга барган. Анын жүрүшүндө мамлекет башчылардын жолугушуусунан сырткары бир катар иш-чаралар мерчемделген. Алсак, Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин VI жыйыны, Астанада Манастын эстелигинин салтанаттуу ачылышы болот.
Астанада президент Садыр Жапаров жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Акордада Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев жолукту
Жаңылыктар түрмөгү
0