ТИМ жарандарга Жакынкы Чыгышка барбай турууну сунуштады

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкектеги Тышкы иштер министрлигин имараты. Архив
Бишкектеги Тышкы иштер министрлигин имараты. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы курч кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарды Израиль, Иран, Сирия, Ирак, Ливан жана Палестинага барбай турууну сунуштады.
Мекеме аталган өлкөлөрдө жүргөн жарандарга кырдаал турукташканга чейин этият болууну сунуштап, зарылдык болсо аймакта жайгашкан элчиликтердин телефондоруна кайрылууну өтүнгөн.
Элчиликтердин телефондору:
Түркиядагы элчилик: +905456896800;
Сауд Арабиядагы элчилик: +966583769945;
Ирандагы элчилик: +989352505226;
Кувейттеги элчилик: +96525359951.
Ирандын абадан коргонуусунун иши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Токтобогон тирешүү. Израилдин Иранга кайрадан чабуул жасаганы айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0