Бүгүн кармалган ведомство жетекчисинин мурдагы орун басары кайра кое берилди

© Фото / пресс-служба партии "Реформа"Антимонополия кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Акжолтой Тукунов. Архивдик сүрөт
Антимонополия кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Акжолтой Тукунов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Жазылуу
Тукунов массалык башаламандык уюштурууга чакырык таштоого шектелип колго түшүрүлгөн болчу.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бүгүн кармалган Антимонополия кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Акжолтой Тукуновдун баш коргоо чарасы каралып, эч жакка чыкпоо жөнүндө тил каттын негизинде бошотулганын Жогорку сот кабарлады.
Эскерте кетсек, ал массалык башаламандык уюштурууга чакырык таштоого шектелип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Аламүдүн райондук соту Тукуновдун шектүү катары кармалышы Кылмыш-жаза кодексинин 96 жана 97-беренелерин одоно бузуу менен жүргүзүлгөн деген чечимге келген. Натыйжада ал тергөө жүргөн мезгилде, башкача айтканда, үстүбүздөгү жылдын 16-июнуна чейин эч жакка чыкпоого милдеттендирилди.
Бишкектеги Беш-Сары жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү , экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев 150 млн. сом төлөп абактан чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0