Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

ЖМК: Украинанын экс-офицеринин унаасын жардырууга шектүү Кыргызстандан кармалды

© AFP / JENS SCHLUETERКража драгоценностей в музее Королевского дворца Дрездена
Кража драгоценностей в музее Королевского дворца Дрездена - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Жазылуу
Шектүүнү кыргызстандык жана россиялык күч түзүмдөрү биргеликте колго түшүргөнү маалымдалды.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Украинанын атайын кызматынын мурдагы подполковниги Василий Прозоровдун унаасын жардырууга шектелген адам Кыргызстандан кармалганын ЖМКлар жазууда.
Аны кыргызстандык жана россиялык күч түзүмдөрү биргеликте колго түшүргөнүн ТАСС агенттигине укук коргоо органдарындагы маалымат булак билдирген.
Шектүү Украинада жашаганын (ал жакта жубайы турат), Россия менен Кыргызстандын жараны экенин РИА Новости билдирүүдө. Ал Москвада убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Прозоров 2014-жылга чейин Украинанын Коопсуздук кызматынын Запорожье облусундагы башкармалыгында, андан кийин антитеррордук борбордо кызмат өтөгөн. 2018-жылы Россияга көчүп келген. Соңку жылдары Киевдин согуштук кылмыштарын иликтөө боюнча иш жүргүзүп жаткан. Өткөн жумада Москвада анын жолтандабасы жардырылып, өзү ооруканага түшкөн. Прозоров аны өлтүрүү аракетине Украинанын Коопсуздук кызматы менен Киев режимин айыптоодо.
Украинанын экс-офицеринин автоунаасын жардырган украин тыңчысы кармалды. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
Украинанын экс-офицеринин автоунаасын жардырган украин тыңчысы кармалды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0