Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Астанада Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу өлкө жетекчисинин маалымат кызматы билдирди.Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:
Союздук мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү келишими; Мамлекеттер аралык кеңештин чечими; 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пунктулары жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол; Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу; Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында Автоунаа өткөрүү пунктуларын өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын жол картасы.
22-апрелде "Бишкек жылуулук түйүнү" жылуулук тармактарын текшерип, басымды сынайт. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Мекеме бул аракет жылуулук берүү мезгилинде керектөөчүлөрдү ишенимдүү жылуулук менен камсыз кылуу үчүн зарыл экенин белгиледи. Сыноо иштери шаардын борбордук жагынан Лев Толстой көчөсү боюнча ТЭЦтен баштап Курманжан датка көчөсүнө чейин, темир жолду бойлой ТЭЦтен Ибраимов көчөсүнө чейин, Шабдан баатыр проспекти боюнча Достоевский көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейин, Чүй проспекти боюнча 7-Апрель көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин, Ибраимов көчөсү боюнча Чүй проспектинен темир жолго чейин жүргүзүлөт. Ал эми калаанын түштүк жагында Жукеев-Пудовкин көчөсү боюнча темир жолдон Кулатов көчөсүнө дейре тийиштүү болот. Сыноо учурунда түтүктөр, асфальт жарылып, суу каптап кетиши мүмкүн экени белгиленди.
19-апрелде Көк бөрү федерациясынын кезексиз жыйыны өтүп, Рамис Жунусалиевдин федерациянын жетекчилигинен кеткени маалым болду. Федерациядан кабарлашкандай, башкы прокурор Курманкул Зулушев Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланды. Рамис Жунусалиев федерациянын биринчи вице-президенти болуп шайланды. Былтыр 17-октябрда федерациянын конференциясы Бишкекте өтүп, жетекчиси алмашкан. Талас Бегалиев өз каалоосу менен кызматтан кетерин билдирип, ордуна ошол кезде вице-президент болуп иштеп жаткан Рамис Жунусалиев жетекчи болгон. Курманкул Зулушев былтыр 13-августтан бери эл аралык Көк бөрү федерациясын жетектеп келген. Ал эки федерацияга тең жетекчи болот.
Батыштагы Россияны жеңүү зарылчылыгы тууралуу билдирүүлөр алардын эмне кыларын билбей туталанып жатканын көрсөтүүдө. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Говорит Москва" жана "Комсомольская правда" гезитиндеги маегинде билдирген. "Россия сегодня" медиатобунун жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симонян Батышта Россия стратегиялык жеңилүүгө учурамайынча тынчыбай турганы жөнүндө билдирүүлөр байма-бай айтылып жатканын эске салды. Айрыкча, "Россия жеңилбесе Батыштын гегемониясына чекит коюлат" деген сөздөр болгон. "Бул теманы курчутуу жана Батыштын келечеги үчүн жеңилүүнүн чоң маанисин ар дайым баса белгилөө — алардын сог
Жаңылыктар түрмөгү
0