Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Ушул жылдын январь-февраль айларында Кыргызстан 54 миңден ашуун баш мал экспорттогон. Былтыркы бул аралыкта өлкөдө болгону 17,7 миң мал сыртка чыгарылган. Түрү боюнча маалымат: жылкы, эшек, качыр — 1 372 башбодо мал — 17 152кой, эчки — 35 585Бодо мал да, майда жандыктар да Өзбекстанга сатылган. Ал эми биринчи категориядагылар Казакстан, Кытай жана Өзбекстанга экпорттолгон.
Каракол шаарында 350 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, долбоорду 2025-жылга бүтүрүү пландалууда. Жалпы аянты 6 200 чарчы метр болгон оорукана беш блоктон турат. Анда консультациялык-диагностикалык бөлүм, операциялык бөлмөсү бар хирургиялык жана травматология бөлүмдөрү, ЛОР, көз, терапия, онкология, балдар жана башка бөлүмдөр салынат. Ошондой эле лаборатория, ашкана, кир жуучу жай, кампа каралган. Мындан тышкары, оорукананын аймагына өлүккана, кычкылтек станциясы, откана, унаа токтотуучу жай түшүп, генератор орнотулат.
Алай районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген автобекет мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, Гүлчө айыл аймагында жайгашкан автобекет 0,42 гектар жер тилкеси жана 135 чарчы метрди түзгөн административдик имараты менен жеке колго өтүп кеткен. Анын базар баасы 65 миллион 350 миң сомду түзөрү белгиленди. "Автобекет учурда базар катары иштеп, соода түйүндөрдүн ижарасынан айына 500 миң сомго жакын жеке чөнтөккө түшүп турган. Объект максаттуу пайдаланылбай, такси айдоочулар ар кайсы көчөлөрдө башаламан түйүндөрдү уюштурууга аргасыз болушкан", — деп жазылат маалыматта.
Кыргызстан суу каптоодон жабыркаган Россиянын Оренбург облусуна гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 350 тоннадан турган гумжардамды өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жеткирет. 20 жүк ташуучу фурадан турган "Жардам кербени" 20-апрель күнү жолго чыгат. Гумжардам элге эң керектүү тамак-аш, турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана кийим-кече топтомунан даярдалган.
РФтин ТИМ жетекчиси Сергей Лавров Армения ЕАЭБден баарынан көп пайда табарын айтты. "Армения бардык жагынан алганда баарынан арбын пайда көрөт. Бул такталып, эсептелип чыккан. Армениянын экономикасынын 35 пайызы ЕАЭБдин аркасынан жашап жатат. Эгерде былтыркы товар алмашууну алсак, 20 миллиард доллардан ашыгы, 37 пайызы Евразиялык экономикалык биримдикке, ал эми он үч пайызы ЕБге, үч пайызы АКШга тиешелүү", — деди Лавров Sputnik радиосуна, "Комсомольская правда" жана "Говорит Москва" ЖМКларга берген маегинде. "Армения кичинекей мамлекет, ЕАЭБге кошкон салымы, анын ичинен финансылык төлөмү башкаларга караганда алда канча аз. Бирок Евразилык экономикалык биримдикте добуш берүү маселесине келгенде калган мамлекеттер, анын ичинен Россия менен кошо эле бирдей укукка ээ", — деген министр.
Жаңылыктар түрмөгү
0