Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Өлкө башчы Садыр Жапаров Орок айылында жаңы салынып жаткан футбол стадионуна пландан тышкары барды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы кабарлады. Анын айтымында, мамлекет башчыга 45 миң орундуу футбол стадионунун долбоору көрсөтүлгөн."Бул объект Бишкектин символдорунун бири болору күтүлүүдө. Ал эми футбол аянтчасы FIFA уюмунун стандарттарына жооп бермекчи. Долбоорго ылайык, стадиондун жалпы аянты 180 миң чарчы метрди түзүп ичинде автопарк, техникалык жайлар, соода-оюн-зоок борбору жана башка объектилер жайгашат", — деп жазган Алагөзов. Мамлекет башчы ошондой эле Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жанындагы жабык аренанын курулушу менен да таанышкан. Кичи стадион 3 миң кишиге ылайыкталган. Анын курулушун 31-августка чейин бүтүрүү пландалып жатканы айтылды. Ичинде кичи футбол, баскетбол жана хоккей ойносо болот.
Казакстандын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Кыргызстандын аймагында кармалганын УКМК кабарлады.Маалыматка ылайык, 34 жаштагы киши оор кылмыштарды жасоого, анын ичинде каракчылык менен кол салууга айыпталган. 2022-жылы издөөгө алынып, былтыр күздө жазадан кутулуу үчүн өлкөнүн чек арасынан мыйзамсыз өтүп келип, укук коргоо органдарынан качып жүргөн. Учурда ал Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине киргизилди.
Кыргызстан Өзбекстан менен тракторлордун тесттик партиясын өлкөгө алып келүүнү жана чогултууну сүйлөштү. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады. Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү Өзбекстандагы "Ташкент трактор заводу" ишканасына барган.Кызматкерлер техниканын сапатын баалап, заманбап рыноктун талаптарына жооп берерин белгилешкен. "Компания чыгарган тракторлор сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү келет. Техника Кыргызстандын рыногунда суроо-талапка ээ болот деп ишенебиз", — деген Соода өкүлчүлүгүнүн Өзбекстандагы өкүлү Алмаз Темирбеков. Макулдашуу эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрө тургандыгы белгиленди.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кароосуз калган беш бөбөктү Москвадан Кыргызстанга алып келгенин ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.Билдирмеге караганда, наристелердин эң кичинекейи үч айлык болсо, улуусу 1 жашта."Балдарды өлкөгө алып келүү Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулдук бөлүмү жана Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган. Эми Эмгек министрлиги балдарды үй-бүлөсү менен жолуктуруп, аларга медициналык, укуктук колдоо көрсөтүү боюнча иш алып бармакчы", — деп жазылат кабарда. Ведомство бул ишке көмөк көрсөткөн Россиянын камкорчулук органдарына, өлкөнүн консулдук жана чек ара кызматтарына ыраазычылык билдирген. 2011-жылдан бери Кыргызстанга ата-энесинин кароосу жок калган 167 бала кайтарылганы кошумчаланды.
Бүгүн, 20-апрелде Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Таиландда өтүп жаткан 2024-жылкы футзал боюнча Азия Кубогунун тайпалык оюндардын алкагында Тажикстандын курамасы менен ойноду. Оюндун жыйынтыгында 2-2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Кыргызстандын курама командасынан Шохрух Махмадаминов жана Максат Алимов гол киргизди. Кыргызстан алгачкы беттешин Япониянын курама командасы менен ойноп, 3:2 эсебинде жеңген. Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Япония, Тажикстан жана Түштүк Корея менен «С» тайпасында жайгашкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0