Бишкекте "Китеп – жан дүйнөнүн майрамы" аталышындагы иш-чара өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКитепкана. Архивдик сүрөт
Китепкана. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2024
Жазылуу
Саамалык Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулууда.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Ага ылайык, 23-апрелде саат 11:00дө "Китеп – жан дүйнөнүн майрамы" аттуу иш-чара башталат. Министрлик ал Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата өткөрүлөрүн белгиледи.
Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү ЮНЕСКОнун Генералдык конференциясында 1995-жылы бекитилген жана жыл сайын 23-апрелде китепке, авторлорго, иллюстраторлорго жана окурмандарга урмат көрсөтүү максатында белгиленип келет.
Комуз черткен балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2024
Бишкек шаңга бөлөнөт. Салттуу музыка жумалыгынын программасы
Жаңылыктар түрмөгү
0