Кыргызстанда мал экспорту үч эсеге өстү

© Sputnik / Георгий Зимарев / Медиабанкка өтүүМал фермасы. Архивдик сүрөт
Мал фермасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2024
Жазылуу
Өткөн жылдын эки айында өлкөдөн 17,7 миң баш мал сатылган.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Ушул жылдын январь-февраль айларында Кыргызстан 54 миңден ашуун баш мал экспорттогон.
Былтыркы бул аралыкта өлкөдө болгону 17,7 миң мал сыртка чыгарылган.
Түрү боюнча маалымат:
жылкы, эшек, качыр — 1 372 баш (былтыр январда 1 454)
бодо мал — 17 152 (1 463)
кой, эчки — 35 585 (14 811).
Бодо мал да, майда жандыктар да Өзбекстанга сатылган. Ал эми биринчи категориядагылар Казакстан, Кытай жана Өзбекстанга экпорттолгон.
Ич кийим дүкөнү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2024
Россиялык аялдар Кыргызстан тиккен ич кийимди жактырууда. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0