Кытайда Кыргызстандан барган 10 баланын жүрөгүнө операция жасалды

© Фото / пресс-служба МИД КРКытайда Кыргызстандан барган 10 баланын жүрөгүнө операция жасалды
Кытайда Кыргызстандан барган 10 баланын жүрөгүнө операция жасалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2024
Жазылуу
Жүрөк кемтиги бар балдар ата-энелеринин коштоосунда Кытайга март айында учуп кетишкен.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кытайда Кыргызстандан барган 10 баланын жүрөгүнө операция ийгиликтүү жасалганын ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба МИД КР10 детям из Кыргызстана успешно провели операции на сердце в Китае
10 детям из Кыргызстана успешно провели операции на сердце в Китае - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2024
Билдирмеге караганда, жүрөк кемтиги бар балдар ата-энелеринин коштоосунда Кытайга март айында учуп кетишкен. Аларга операция Хэнань аттуу провинциядагы Төш хирургиясы ооруканасында жасалган. Балдар ооруканадан 19-апрель күнү чыккан.
Кыргызстандык балдарды дарылоо оорукананын Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги, биринчи айым Айгүл Жапарова жетектеген "Эне-балага тирек" фонду менен кызматташуусунун алкагында жасалганы кошумчаланды.
ОшМУнун клиникасында дагы боор алмаштыруу пландалууда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
ОшМУнун клиникасында дагы боор алмаштыруу пландалууда
Жаңылыктар түрмөгү
0