Москвада кароосуз калган беш ымыркай Бишкекке алып келинди

© Фото / пресс-служба МТСОиМ КРВозврат из Москвы в Кыргызстан оставшихся без попечения родителей детей
Возврат из Москвы в Кыргызстан оставшихся без попечения родителей детей - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2024
Жазылуу
Наристелердин эң кичинекейи үч айлык болсо, улуусу бир жашта.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кароосуз калган беш бөбөктү Москвадан Кыргызстанга алып келгенин ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба МТСОиМ КРВозврат из Москвы в Кыргызстан оставшихся без попечения родителей детей
Возврат из Москвы в Кыргызстан оставшихся без попечения родителей детей - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2024
Билдирмеге караганда, наристелердин эң кичинекейи үч айлык болсо, улуусу 1 жашта.
"Балдарды өлкөгө алып келүү Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулдук бөлүмү жана Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган. Эми Эмгек министрлиги балдарды үй-бүлөсү менен жолуктуруп, аларга медициналык, укуктук колдоо көрсөтүү боюнча иш алып бармакчы", — деп жазылат кабарда.
Ведомство бул ишке көмөк көрсөткөн Россиянын камкорчулук органдарына, өлкөнүн консулдук жана чек ара кызматтарына ыраазычылык билдирген. 2011-жылдан бери Кыргызстанга ата-энесинин кароосу жок калган 167 бала кайтарылганы кошумчаланды.
Беби-бокс. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2024
Ымыркайдын көчөгө ташталбашы үчүн төрөт үйүндө жашыруун төрөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт
Жаңылыктар түрмөгү
0