Бишкекте "Жалпы жат жазуу" акциясы өттү. Видео

Жазылуу
Бүгүн 41 мамлекетте, анын ичинде Кыргызстанда "Жалпы жат жазуу" эл аралык билим берүү акциясы өттү.
Бишкекте бул акция КРСУнун башкы корпусунда жана "Газпром Кыргызстан" мектебинде уюштурулган. Университетте диктантты ректордун милдетин аткаруучу Денис Фомин-Нилов жана Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, Орус драма театрынын актрисасы Ольга Жигулева окуган.
Быйылкы диктанттын текстин орус жазуучусу, "Большая книга" сыйлыктарынын бир нече жолку финалисти Анна Матвеева жазганы айтылды.
Акциянын максаты — ар бир адамга орус тилин кандай билерин текшерүүгө мүмкүнчүлүк берүү жана сабаттуулукка болгон кызыгуусун арттыруу. Алгачкысын 2004-жылы Новосибирск мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинин студенттери өткөргөн. Бул диктантты жыл сайын ондогон өлкөлөрдө жүз миңдеген адамдар жазат.
Тема боюнча:
Космонавт Сергей Корсаков "Кант" авиабазасында болду. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0