Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Манапбаев: "Жеңиш каттары" акциясына бардык студенттер катыша алат

© Sputnik / Асылбек Бактыбеков"Жеңиш каттары" студенттик акциясынын уюштуруучуларынын бири Амантур Манапбаев
Жеңиш каттары студенттик акциясынын уюштуруучуларынын бири Амантур Манапбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2024
Жазылуу
"Жеңиш каттары" студенттик акциясынын уюштуруучуларынын бири Амантур Манапбаев аталган иш-чарага эмгектер 7-майга чейин кабыл алынарын айтты.
Улуу Жеңиш майрамынын 79 жылдыгына карата студенттер арасында "Жеңиш каттары" аталышындагы акция жүрүүдө. Ага республикадагы бардык окуу жайлардын студенттери жана чет мамлекеттерде билим алып жаткан жаштар катыша алат. Бул тууралуу Амантур Манапбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Манапбаев: "Жеңиш каттары" акциясына бардык студенттер катыша алат
Анын айтымында, акцияга келип түшкөн мыкты эмгек ээлерин баалуу белектер күтөт.
"Улуу Ата Мекендик согушта совет армиясы фашизмди жеңип ынтымактын, мекенге болгон сүйүүнүн үлгүсүн көрсөткөнүнө 79 жыл толуп отурат. Биз Улуу Жеңишке карата студенттер арасында атайын акция уюштуруудабыз. Максатыбыз — жаштарга тарыхты туура жеткирүү жана чоң аталарыбыздын баатырдыгын унутпай таазим кыла жүрүү. Акцияга бардык студенттер катыша алат. Ал үчүн үй-бүлөлүк архивинде сакталган же ачык булактардагы Улуу Ата Мекендик согуштун жоокеринен келген катты окуп, видеого тартып, төрт мүнөттөн ашпаган роликти социалдык тармактагы баракчаларына жүктөп, анын шилтемесин +996 503 241095 номериндеги Whatsapp тиркемесине жибериши керек. Уюштуруучулар аны соцтармактардагы "Жеңиш каттары" баракчаларына жүктөп, эң көп жактыруу топтогон жана калыстар тобунун кароосунан өткөн мыкты эмгектерге ноутбук, планшет сыяктуу баалуу белектер тапшырылат. Каттар каалаган тилде окула берсе болот. Ошондой эле студенттер өз жөндөмүнө карап театралдашкан роликтерди тартып жиберише алат. Видеолор кадимки эле смартфондорго тартылса да кабыл алынат. Акция 9-апрелде старт алды, 7-майга чейин уланат", — деди Манапбаев.
Ал баалоо эки этапта жүрөрүн, биринчиси "элдик жюри" деп аталып, соцтармакта эл тарабынан чогултулган жактыруулар болсо, экинчи этапта кыргызстандык мыкты инсандардан түзүлгөн калыстар тобу баалай турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0