Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШнын Өкүлдөр палатасы Украинага 61 млрд. доллар бөлүүнү жактырды

© AP Photo / Jim Lo ScalzoАКШ парламентинин төмөнкү палатасы. Архивдик сүрөт
АКШ парламентинин төмөнкү палатасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2024
Жазылуу
Анткен менен Wall Street Journal АКШнын жаңы жардамы Украинадагы абалды түп-тамырынан бери өзгөртүп жибере албайт деп жазган.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. АКШ парламентинин төмөнкү палатасы Украинага дээрлик 61 миллиард 840 миллион долларлык кошумча жардам берүү жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алганын Sputnik радиосу РИА Новостиге таянып билдирди.
Эми аны жогорку палата (Сенат) бекитип, президент Жозеф Байден кол коюшу керек. Мындан тышкары, Өкүлдөр палатасы Тайвань менен Израилге аскердик жардам берүү тууралуу мыйзам долбоорлорун кабыл алган.
"Киевге аскердик жардам берүү – террорчулукту түздөн-түз каржылоо, Тайванга Американын жардам берүүсү – Кытайдын ички иштерине ачык эле кийлигишүүсү, ал эми Израиль тууралуу айтсак, бул жерде кеп аймактагы курч абалдын мындан да курчушу тууралуу болот", – дешкен Россия ТИМинен.
Бул арада Wall Street Journal АКШнын жаңы жардамы Украинадагы абалды түп-тамырынан бери өзгөртүп жибере албастыгын жазган.
Вашингтондогу Капитолий имаратын жанында АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2024
"Тажатты". Америкалык офицер АКШнын маанисиз чечимдеринен кийин үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0