Майды аз ичкен автоунаалардын Кыргызстандагы баасы. Инфографика

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан апта сайын базардагы автоунаалардын баасы боюнча маалымат берет. Бул жолу акыркы беш ай аралыгында майды аз ичкен темир тулпарлардын наркы кандай болуп өзгөргөнүн аныктадык.
Инфографикада мындай автокөлүктөрдүн ичинен эң көп кезиккен үлгүлөрүнүн наркы көрсөтүлдү. Маалыматтар Кыргызстанда автоунаа сатуу боюнча жарыялар жайгаштырылган электрондук аянттардан чогултулду.
Эң көп сатылган 10 темир тулпардын тизмесине төмөнкүлөр кирди:
Daewoo Matiz;
Honda Fit;
Lada 2107;
Toyota IST;
Hyundai Getz;
Mazda Demio;
Volkswagen Golf;
Honda Civic;
Toyota Prius;
Chevrolet Spark.
Инфографикада бензинди аз сарптаган машиналардын чыгарылган жылы жана элге кеңири тараган үлгүлөрүнүн орточо баасы көрсөтүлдү. Бир нече автоунаанын өтө кымбат же арзан баасы орточо наркты чыгарууга таасир берет.
Ар бир автоунаанын баасы доллар менен көрсөтүлдү. Талдоо алгач март айында жүргүзүлгөн, анда Улуттук банкта доллардын сомго карата курсу 89,5 сомду түзгөн, акыркы талдоо 19-апрелде, курс 50 тыйынга төмөндөгөн учурда жүргүзүлдү.
Айрымдары арзандаган, мисалы, Hyundai Getz менен Honda Civic VI орто эсепте 100 доллардан 300 долларга арзандаган. Ал эми Volkswagen Golf IV менен Mazda Demio II, тескерисинче, 100-800 доллардын тегерегинде кымбаттаган.
Тизмедеги башка үлгүдөгү автокөлүктөрдүн баасы дээрлик өзгөргөн эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0