Генерал-полковникти тарбиялаган ардагер чоң аталар. Абдыгул Чотбаевдин эскерүүсү

© Sputnik / Табылды КадырбековГенерал-полковник Абдыгул Чотбаев
Генерал-полковник Абдыгул Чотбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2024
Жазылуу
Генерал-полковник Абдыгул Чотбаевдин чоң атасы Чотбай Супатаев жана анын иниси Аман Супатаев да Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери болушкан. Аскердик династияга айланган үй-бүлө дагы да офицерлерди тарбиялоодо.
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында конокто Афган согушунун ардагери, Улуттук гвардиянын мурдагы командири, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев болду. Биз өмүрүн жана эмгегин аскердик кызматка арнаган үй-бүлө тууралуу маектештик.
— Үч-төрт муундан бери аскер кызматында иштеген үй-бүлөсүздөр. Алгач чоң атаңыздын согушка кандайча катышып калганы, дегеле ал адам туралуу айтып берсеңиз?
— Негизи биздин уруубуз кытай экен. Түбүбүз Таластан болот. Чоң-Кеминге туугандары менен көчүп келе беришиптир. Чоң атам Чотбай Супатаев 45 жашында 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан экен. Бир жылдан кийин катуу жарадар болуп, аскердик госпиталда жатып кайтып келиптир. Алган жараатынан улам 1947-жылы 50гө чыкпай эле каза болуп калат. Чоң атамдын иниси Аман Супатаев атам менен инисин багып алат. Ал киши да согушка катышкан. Ал чоң атамдан 10 жаш кичүү болчу. Ортосунда көп эже-карындаштары болгон. 1911-жылы Кеминде катуу жер титирөө болуп ошол алааматта бир туугандары каза болуп калган экен. Кийин 1916-жылдагы Үркүндө да Кытайга качып барышат. Ал жакта да кыз бир туугандары жамандыкта калып калышыптыр. Чоң атамдын бир карындашы Ленинграддагы блокадада кайтыш болгон. Аман чоң атам кийин телевизор көрүп жатып, деңиз флотунун формасын кийген жигиттин өмүр баянынан улам жээни экенин тааныйт. Байланышып Кыргызстанга чакыртып алган. Ал жээни биздин айылда жашап, комсомолдо иштеп, кийин Токмокто жашап жүрүп көзү өттү. Энеси каза болгондон кийин балдар үйүндө чоңоюп, калтырып кеткен каты аркылуу өзүнүн ким, кайдан экенин билген.
© Фото / Абдыгул ЧотбаевАбдыгул Чотбаев: чоң атамдын иниси Аман Супатаев атам менен инисин багып алат. Ал киши да согушка катышкан. Ал чоң атамдан 10 жаш кичүү болчу. Ортосунда көп эже-карындаштары болгон.
Ветеран ВОВ Аман Супатаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2024
Абдыгул Чотбаев: чоң атамдын иниси Аман Супатаев атам менен инисин багып алат. Ал киши да согушка катышкан. Ал чоң атамдан 10 жаш кичүү болчу. Ортосунда көп эже-карындаштары болгон.
— Чоң атаңыздын иниси да согушка катышыптыр. Атаңызды да багып өстүргөн экен...
— Ал чоң атабыз согуш баштала электе эле Советтик армияга чакыртылат. Кызмат өтөп жатканда согуш башталып калып жатпайбы. Согушта взводдун командири болот. Улуу Ата Мекендик согуштун I жана II даражадагы ордендери жана башка медалдар менен сыйланган. 96 жаш курагында кайтыш болду.
— Сиз да чоң атаңыздын колунда өскөн турбайсызбы?
— Ооба, Аман чоң атамдын 10 баласы (сегиз кыз, эки уул) бар. Алардын баары менден улуу болчу. Мени эркелетип чоңойтушкан. Көпчүлүгү чоң апамдын тарбиясын алдым. Өз ата-энемди байке-жеңе дечүмүн.
— Атаңыз да аскер кызматкери болгон экен?
— Өз атам 1956-1957-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат кылган. Аскер билетин сактап койгом. Карап көрсөм, төрт жылдан ашык кызмат өтөптүр. Ошол кездеги архивди аңтарып, эмнеге көп жыл армияда кызмат кылып калганын сүрүштүрсөм, ал кезде командирлердин баары ардагер болгондуктан атам полктун штабынын жазмакери болуп кызмат кылыптыр. Улук сержант экен.
— Согушка катышкандарды эскерүү иретинде "Өчпөс полк" жүрүшүн түзгөндөрдүн катарындасыз. Бул кандайча уюшулуп калды?
— Ооба, жүрүш жаңыдан түптөлүп жатканда уюштуруучулардын катарында мен да болгом. Анын башталышына афган согушунун ардагери Эмил Уңкуев да себепчи. Улуттук гвардияда, кийин Бишкек шаардык кеңешинде депутат болуп турганымда ал аппаратта иштеп калды. Бир күнү келип "жолдош генерал, Россиянын бир шаарларында "Бессмертный полк" деген аталыштагы жүрүш башталыптыр. Биз да баштабайлыбы" деп сунуштады. Ошентип акырындан ишке ашкан. Алгач 150-200 кишидей катышкан. Анан жыл сайын көбөйүп отуруп, кийинки жылдары шаардын көчөлөрү толуп калды. Бул эми аталардын эмгегин даңктап кылганыбыз. Бир чети милдетибиз. Жаш муундарга үлгү болот.
© Фото / из личного архива Абдыгула ЧотбаеваАбдыгул Чотбаев: бир жолу "мен алты жолу ардагер болдум. Сен Афганстанда согушта жүргөндө 24 саат сени ойлочумун. Беш иниң армияда кызмат кылды, бешөөнө тең сарсанаа болчумун" деди. Ошол сөздөн кийин апамдын сөзүнө толук кошулдум. Менин жубайым деле кайсы жерде жүрсөм да камымды көрүп, капаланып келсем, үйрүлүп түшүп турат.
Генерал-полковник Абдыгул Чотбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2024
Абдыгул Чотбаев: бир жолу "мен алты жолу ардагер болдум. Сен Афганстанда согушта жүргөндө 24 саат сени ойлочумун. Беш иниң армияда кызмат кылды, бешөөнө тең сарсанаа болчумун" деди. Ошол сөздөн кийин апамдын сөзүнө толук кошулдум. Менин жубайым деле кайсы жерде жүрсөм да камымды көрүп, капаланып келсем, үйрүлүп түшүп турат.
— Азыр согуштан кайтпай калган чоң аталарын издегендер үчүн жоокерлердин маалыматы салынган көп сайттар бар. Сизге да кайрылышса керек?
— Чоң атамдын кайда кызмат өтөгөнүн, согушта кайда болгонун таптым. Аны издеп жатып Аман атам тууралуу да документтер чыкты. Мага кайрылгандар көп. Көптөрүнө жардам бердик, азыр да издеп жатабыз.
— Өзүн көрбөсөңүз да чоң атаңыздын кандай адам болгонун сураштырып көрдүңүзбү?
— Туура эмес сүйлөп же тентек кылсак, тилдечү. Кийин айылдаштардан сурамжыладым. Көрсө, чоң атам абдан кыйын мергенчи болгон экен. Апам бир айылдан болгондуктан мектепте окуган чагында көрүп калыптыр. Атамдын инисине, анан мага түспөлдөш болгонун айтышат.
— Сиз ал кишинин сүрөтүн таба алган жоксузбу?
— Таба алган жокмун. Москвада Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган музей ачылган. Ал жердеги экранда Аман атамдын сүрөтү чыгат, ал эми чоң атамдын ордуна өчпөс оттун сүрөтү турат.
— Сиздин аскер адамы болушуңузга да ошол чоң аталардын жолу өрнөк болсо керек?
— Ооба, кичине кезибизде тарбияны ошол кишилерден алдык. Көп мугалимдер согуштун ардагерлери эле. Мен мектепти Кеминдеги Боролдой айылынан бүтүргөм. Тарых мугалимим, класс жетекчим, мектеп директору баары согушту көргөн. Үйдө офицерлердин тарбиясын алдык. Кичинемде "офицер болом" эмес, "мен да согушка барам" дечүбүз. Оюунубуз да ушул эле. Кийин 9-класстан аскердик комиссариатка чакырганда офицердик кесип жана окуу жайлар менен тааныштырган. Бүтүрүүчүлөр арасында алтообуз аскердик окуу жайга тапшырдык. Классташым Роберт Киреев экөөбүз өтүп, ал Ленинградда, мен Алматыда окудум. Азыр Ленинградда жашайт, 1-рангдагы капитан. Кичине кезибизде чоң аталар аскердик наамдарын, медалдарын төшүнө тагынып, майрамда тизилип чыкса көзүбүзгө укмуш көрүнчү.
— Офицердин үй-бүлөсүндө тартип да катуу болсо керек?
— Апам абдан жумшак киши, ал эми атам абдан катуу киши болчу. Бизди да темирдей бекем кармады. Үйдө тентек кылчу эмеспиз. Төрт уул, эки кызбыз. Улуусу мен. Менден кийинки инилеримдин баары армияга барышты. Ал эми Аман чоң атамдын эки уулу тең афган согушунун ардагери. Менин аскер адамы болгонумду, генерал наамын алганымды Аман чоң атам көрүп калды. Бирге түшкөн сүрөттөрүбүз бар.
© Sputnik / Асель СыдыковаГенерал-полковник Абдыгул Чотбаев: эки уулум тең офицер. Негизи өзүм иштеп жүргөндө үйдө "аскер кызматы мени менен бүтөт, токтойт. Жакшы адам болгула, тартипти бузбагыла, бирок башка кесип тандагыла" деп айтчумун.
Руководитель совета ветеранов Боевое братство генерал-полковник Абдыгул Чотбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2024
Генерал-полковник Абдыгул Чотбаев: эки уулум тең офицер. Негизи өзүм иштеп жүргөндө үйдө "аскер кызматы мени менен бүтөт, токтойт. Жакшы адам болгула, тартипти бузбагыла, бирок башка кесип тандагыла" деп айтчумун.
— "Ой жеткен менен бой жетпейт" дегендей, ар бир ийгилик жараткан эр кишинин артында жубайы турат. Апаларыңыз тууралуу да айта кетсеңиз?
— Апам "эмнеге эркек кишинин эмгеги гана абдан бааланат. Чоң атаңды, бир тууган инисин согушка катышканы үчүн мамлекет сыйлайт. Ал эми аялдарды унутушат" деп калчу. "Апам эмнеге ушинтип айтат" деп мен да ойлонуп калчумун. Бир жолу "мен алты жолу ардагер болдум. Сен Афганстанда согушта жүргөндө 24 саат сени ойлочумун. Беш иниң армияда кызмат кылды, бешөөнө тең сарсанаа болчумун" деди. Ошол сөздөн кийин апамдын сөзүнө толук кошулдум. Менин жубайым деле кайсы жерде жүрсөм да камымды көрүп, капаланып келсем, үйрүлүп түшүп турат. Ал да биз үчүн санаа тартат. Офицердин балдарынын тарбиясы, түйшүгү аялынын мойнуна түшүп калат. Эртең менен кызматка кетип баратканда балдарым уктап жатчу, түндө келсем да уктап калчу. Балдардын кантип чоңойгонун көргөн жокумун. Азыр да аларды көрө элекмин. Мен уктап жатканда алар кызматка кетет, уктаганда келет. Аскердик турмуш ушундай экен.
— Уулдарыңыз да офицер болуптур...
— Эки уулум тең офицер. Негизи өзүм иштеп жүргөндө үйдө "аскер кызматы мени менен бүтөт, токтойт. Жакшы адам болгула, тартипти бузбагыла, бирок башка кесип тандагыла" деп айтчумун. 1999-жылы Баткен окуясы болгондо президенттин буйругу менен мени атайын аскердик операциянын жетекчиси кылып жиберишти. Ошол кезде улуу балам 8-класста окуп жаткан. Күн сайын эле жаңылыктардан Баткен окуясын көрсөтөт. Анын баары уулума таасир этет. Бир күнү эле апасына "апа, болду, мен офицер болууну чечтим" дептир. Келгенде жубайымдан угуп, уулум менен сүйлөшсөм, мага да ошентип айтты. Анан 8-классты бүткөндө аскер лицейлерин тандап, Түркиядагы аскер лицейинде төрт жыл окуду. Алардын аскердик түзүмү башкача экен. Аны бүткөн соң Анкарада төрт жыл аскер академиясынан билим алды. Кийин дагы бир жыл окуду. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө, УКМКда кызмат кылды. Экинчи уулум да агасын көрүп түздөнүп, Бишкектеги аскер лицейин, Аскер институтун бүтүрүп, кызмат өтөп жатат. Неберелүү болсом, аны да офицер кылсам деген оюм бар.
— Өзүңүз деле алыс барбай аскер адамынын кызына үйлөнгөн экенсиз да...
— Айылда Кытайдан келген уйгурлар көп болчу. Жубайым уйгур кызы. Ал башка класста окучу. Мектепте окуп жатканда анча деле көңүл бурчу эмесмин. Өзү капкара кыз болчу. Мен да кара бала элем. Кийин Афганстанда, андан Россияда кызмат өтөп айылга келгенде учурашканы үйүнө барып калдым. Үйүндөгүлөр менен жакшы болчумун. Боролдойдо жашап жүрүп Фрунзеге көчүп келишкен эле да. Үйүнө барсам Света кычыраган кыз болуптур, көрүп жактырып, ошентип эле үйлөнүп калдым.
Кайнатам убагында Чыгыш Түркстан армиясында кызмат өтөп, подполковник наамына чейин жеткен. Кайненем Дон казактарынын кызы. Ал киши да аскерде медайым болуп иштеген. Кайненемдин өз аталары ак падышанын кызматкерлери болгон экен. Өзүмдүн жубайым ага прапорщик чини менен пенсияга чыккан.
Ушунун баарын камтып, өзүмдүн ата-тегим тууралуу китеп жазсам деген ниетим бар. Аман чоң атам санжырачылар арасында республика боюнча 2-3-орунду алчу экен. Азыр апамдан сурап маалымат чогултуп жатам.
Каарман Ашимовдун кызы Гүлмира Ашымова, небере кызы жана Кыргыз тасмасы мамлекеттик концерндин директору Талантбек Төлөбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2024
"Кыргыз кереметин" түптөгөн режиссерлордун атын чыгарган. Каарман Ашымовду эскерүү
Жаңылыктар түрмөгү
0