Кара-Кулжада сел каптаган айылдарды тазалап жатышат. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРПоследствия селей в Кара-Кульджинском районе
Последствия селей в Кара-Кульджинском районе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2024
Жазылуу
Эки айылда жаратылыш кырсыгынан 32 үйгө зыян келген.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы сел жүргөн айылдарда кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатканын ӨКМ маалымдады.
Ак-Кыя айылында 12 турак үйдүн жер төлөсүнө, Ылай-Талаа айылында беш үйдүн ичине суу кирген, 20 үйдүн короосун каптаган. Учурда ӨКМ аталган айылдарда селдин кесепеттерин жоюп жатат.
"Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолундагы сел калдыктары грейдер жана жүктөгүч менен тазаланууда, учурда жол бир тараптуу ачык", — деп билдиришти аталган министрликтен.
Эске салсак, кечээ, 20-апрелде, жүргөн сел бир адамдын өмүрүн алган.
Казакстанга гуманитардык жардам жөнөтүү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2024
Кыргызстан Казакстанда селден жабыркагандарга гумжардамдын экинчи партиясын жөнөттү
Жаңылыктар түрмөгү
0