Жума бою жаан жаайт. Келерки аптага карата аба ырайынын божомолу

© AFP / PEDRO PARDOЖамгыр учурунда кол чатыр менен бара жаткан өспүрүм. Архив
Жамгыр учурунда кол чатыр менен бара жаткан өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2024
Жазылуу
Жуманын этегине чейин бардык аймакта жаан-чачын болору айтылды.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Анда 21-апрелден 27-апрелге чейин көпчүлүк аймакта күндүн көзү бузулары болжолдонгон.

Чүй, Талас

21-апрелден тарта 27-апрелге чейин күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Бишкекте 21-22-апрелде күн ачык болот. Андан кийин эки күн катары менен жаан-чачын жаайт. 25-апрелде күн ачылганы менен жума этегине чейин кайра күн бүркөлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен

Өлкөнүн түштүк аймактары дагы келерки аптада жаан-чачындуу болмокчу. 21-апрелден 27-апрелге чейин көпчүлүк жерлерде жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт.

Ысык-Көл, Нарын

Аймактарда дагы күндүн көзү ачылбай жума этегине чейин жаан-чачын болуп, тоолуу аймактарда кар жаамакчы.
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 21-апрелде күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Эркектер сындайт деп күткөн эмесмин. Чоочун кишидеги Толкунбектин маеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2024
Эркектер сындайт деп күткөн эмесмин. "Чоочун кишидеги" Толкунбектин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0