Тигүү тармагы артка кетти, көйгөй көп. Ишкердин видеомаеги

Жазылуу
Эксклюзив
Нурзат Алимырзаева 22 жылдан бери тигүү тармагында иштейт. Ал чакан цехтерди иштетип, аталган тармактын ысык-суугун көрүп калган ишкер катары биздин редакцияга кайрылып, андагы көйгөйлөрдү айтты.
Алимырзаева акыркы жылдарда үй тикмечилери көбөйүп, алардын үстүнөн көзөмөл жок болгондуктан Кыргызстанда тигилген товарлардын сапаты начарлап жатканын билдирди.
"Тигүүчүлүк 1995-жылдан башталып борбор шаарда аябай кызуу жүрдү. Бир убактарда товарларыбыз Россиянын базарларына кеңири тарап, бизди алар аябай баалап башташкан. Эми учурда Кытайдын чыгарган товарына караганда биздики эки эсе кымбат. Ал жагынан биз көйгөй жараттык. Сапат жагынан өтө ылдыйлап кеттик. Жеңил өнөр жай тармагы деп айтылганы менен оор өнөр жай тармагына айланды. Кыйынчылыгы аябай күчтүү, иш тартиби жок, мурункудай жумушчу күч жок", — дейт ишкер.
Айтымында, Кыргызстанда тигилген товарлардын сапатын түшүрбөй жеңил өнөр жайды сактап калуу үчүн аракеттерди жасоо керек. Бул үчүн тигилген товарларга көзөмөл жүргүзүлүп, тигүү цехтери үчүн бирдиктүү система иштелиши зарыл. Мындан тышкары, Алимырзаева тигүү тармагы билимсиз адамдардын цех ачып иштеткенинен улам аксап жатканын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0