Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мобилдик тоок фермасын иштетип канча каражат тапса болот?

© Sputnik / Асель СыдыковаКайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Сагынбек Турсуналиев
Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Сагынбек Турсуналиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2024
Жазылуу
Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Сагынбек Турсуналиев учурда кайра иштетүү өнөр жайына өзгөчө маани берилип жатканын айтты.
Эми айыл жергесинде жашаган фермерлерге көчмө тооккана аркылуу айына 50 миң сомдон ашык киреше алуу мүмкүнчүлүгү берилет. Бул 13-апрелде ири жана чакан кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү менен дыйкан, фермерлердин потенциалын көтөрүү, финансылык-социалдык абалын жакшыртуу максатында уюштурулган семинар көргөзмөдө айтылды. Бул тууралуу Сагынбек Турсуналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Мобилдик тоок фермасын иштетип, канча каражат тапса болот?
Иш-чарага Кыргызстандын жети облусунун башчылары, 40 райондун акими, министрликке караштуу райондук агрардык өнүктүрүү боюнча башкармалыктардын жетекчилери, "Айыл Банк", "РСК Банк", өнүктүрүү фондуларынын өкүлдөрү, фермерлер катышкан.

"Азыркы мезгилде айыл чарба тармагын көтөрүү үчүн кайра иштетүү өнөр жайына өзгөчө маани берилип жатат. Алсак, мобилдик тоок фермасы заманбап жабдуулар менен камсыздалып, алар ар бир айылда курулууда. Бул контейнердин орточо баасы төрт миң доллар деп белгиленди. Мобилдик тоок фермасында жумуртка өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, фермадагы 384 тооктон бир айда 50 миң сомдон ашык киреше алып, ишкердик үчүн алган кредитти жабуу мүмкүнчүлүгү бар. Мобилдик тооккананы айына 15 миӊден төлөп ижарага да алууга да болот", — деди Турсуналиев.

Директор бул багытта жигердүү иштерди жүргүзүү боюнча райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчыларына жана мамлекеттик тиешелүү органдарга бир катар милдеттер жүктөлүп, тапшырмалар берилгенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0