Кыргыз тасмасы Франциядагы фестивалда төрт номинацияга көрсөтүлдү

© Photo / Unsplash / KAL VISUALSВидео камера менен адам. Иллюстративдик сүрөт
Видео камера менен адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Режиссер Бегалы Наргозуевдин "Жылкычы чымчык" толук метраждуу тасмасы Франциядагы эл аралык фестивалга катышат. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фонду билдирди.
Фестиваль 13-майдан 15-майга чейин Ницца шаарында өтөт.
Анда фильм "Фестивалдын мыкты тасмасы", "Мыкты операторлук иш", "Мыкты костюм" жана "Мыкты тасма" номинациялары боюнча ат салышат.
Иш-чарага режиссер Бегалы Наргозуевден тышкары актерлор Жамила Сыдыкбаева жана Марат Ибраев, ошондой эле тасманын продюсери Афизакан Мырзапаязова барары айтылды.
"Жылкычы чымчык" тасмасынын бет ачары былтыр декабрда болгон. Кинодо экологиялык көйгөй чагылдырылганы айтылат.
Москвадагы кинотеатрлардын биринин кино залы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2024
"Бейиш эненин таманында" тасмасы Россияда кеңири прокатка чыгат
Жаңылыктар түрмөгү
0