Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду кандай артыкчылыктарга ээ болот?

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАзербайжан Кыргызстан желектери. Архивдик сүрөт
Азербайжан Кыргызстан желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2024
Жазылуу
Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы 25 миллион долларды түзөт.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Кыргызстанда иштөөсүнүн шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Кабарга ылайык, тийиштүү мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 17-апрелде кабыл алынган. Максаты — Кыргызстанда фонддун иши үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берүү.
Макулдашууга ылайык:
фонддун имараттары кол тийгис, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү ага кыргыз жана азербайжан тараптын теңтөрагаларынын макулдугу менен кире алат.
фонддун чет өлкөлүк кызматкерлери дипломатиялык өкүлдөргө колдонулган артыкчылыктарды, иммунитеттерди жана жеңилдиктерди пайдаланат.
фонд бажы алымдарынан, салыктардан жана ушуга байланыштуу жыйымдардан бошотулат.
Эске салсак, 2022-жылы Азербайжан президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында аталган фондду түзүү макулдашылган. Анын уставдык капиталы 25 миллион долларды түзүп, штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашмакчы.
Программист. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2024
Силикон өрөөнүндө Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын үйү ачылды
Жаңылыктар түрмөгү
0