Кара-Кыргыз автоном облусу. Кылымдардан соң калыбына келген кыргыз мамлекети

Жазылуу
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракеси быйыл белгилене турганын өлкө башчы Садыр Жапаров былтыр 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата жасаган кайрылуусунда билдирген.
1920-жылдары Орто Азияда азыркы Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөн союздук республикалары түптөлө баштаган. Кыргыздардын казак менен өзбек элине сиңип кетүү коркунучу жаралган. Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Турдалы Токбаев, Касымбай Телтаев жана Жусуп Абдрахманов сыяктуу кыргыздын каймактары жана башка чыгаан инсандар биргелешип улуттук автономияны түптөөгө умтулушат. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн кайра калыбына келтирүүнү көздөгөн кыргыздын саясий элитасы бул тарыхый процессте улуттук кызыкчылык үчүн жанын аяган эмес. Натыйжада 1924-жылы 27-октябрда Кара-Кыргыз автономиясы Россиянын курамына кошулуп, кыргыздар көз карандысыздыгын сактап калган, эгемен Кыргызстандын өбөлгөсүн түптөгөн.
Белгилүү тарыхчы Зайнидин Курманов эмгектеринде "1924-жылы мекенчилдердин тобу нечен кылымдан кийин кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүн кайрадан калыбына келтиришкен. Алардын өмүрү ушул максат үчүн кыйылды" деп белгилейт. Колумнист Алмаз Батилов жогорудагы тарыхый процесс жөнүндө КР Борбордук мамлекеттик кинофонофотодокументтеринин архивинен тапкан сүрөттөрүнүн негизинде сүрөт түрмөк жасаган.
© Фото / ЦГА КФФД КР

Түркстан АССРинин дыйкандарынын өкүлдөрүнөн куралган "Кошчу" союзунун биринчи курултайы. Ташкент. 1921-жыл, декабрь.

Түркстан АССРинин дыйкандарынын өкүлдөрүнөн куралган "Кошчу" союзунун биринчи курултайы. Ташкент. 1921-жыл, декабрь. - Sputnik Кыргызстан
1/14

Түркстан АССРинин дыйкандарынын өкүлдөрүнөн куралган "Кошчу" союзунун биринчи курултайы. Ташкент. 1921-жыл, декабрь.

© Фото / ЦГА КФФД КР

Бүткүл россиялык Борбордук аткаруу комитетинин II сессиянын токтому Түркстан Автономиялуу Советтик Республикасын автономдук түзүмдөргө бөлүү жөнүндө токтому. "Известия" гезити. 1924-жыл, 14-октябрь.

Бүткүл россиялык Борбордук аткаруу комитетинин II сессиянын токтому Түркстан Автономиялуу Советтик Республикасын автономдук түзүмдөргө бөлүү жөнүндө токтому. "Известия" гезити. 1924-жыл, 14-октябрь. - Sputnik Кыргызстан
2/14

Бүткүл россиялык Борбордук аткаруу комитетинин II сессиянын токтому Түркстан Автономиялуу Советтик Республикасын автономдук түзүмдөргө бөлүү жөнүндө токтому. "Известия" гезити. 1924-жыл, 14-октябрь.

© Фото / ЦГА КФФД КР

Бүткүл россиялык Борбордук аткаруу комитетинин токтому РСФСРдин (Россия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасы) курамында Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзүү жөнүндө токтом. 1924-жыл, 14-октябрь.

Бүткүл россиялык Борбордук аткаруу комитетинин токтому РСФСРдин (Россия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасы) курамында Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзүү жөнүндө токтом. 1924-жыл, 14-октябрь. - Sputnik Кыргызстан
3/14

Бүткүл россиялык Борбордук аткаруу комитетинин токтому РСФСРдин (Россия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасы) курамында Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзүү жөнүндө токтом. 1924-жыл, 14-октябрь.

© Фото / ЦГА КФФД КР

Кыргыз атчандар дивизионунун командири Арстаналы Осмонбеков менен анын аскерлерине Наманган, Маргалаң уездеринин тоо жагында басмачыларды талкалаганы үчүн орус тилинде жазылган алкыш. "Эркин-Тоо" гезити. 1924-жыл, 25-ноябрь.

Кыргыз атчандар дивизионунун командири Арстаналы Осмонбеков менен анын аскерлерине Наманган, Маргалаң уездеринин тоо жагында басмачыларды талкалаганы үчүн орус тилинде жазылган алкыш. "Эркин-Тоо" гезити. 1924-жыл, 25-ноябрь. - Sputnik Кыргызстан
4/14

Кыргыз атчандар дивизионунун командири Арстаналы Осмонбеков менен анын аскерлерине Наманган, Маргалаң уездеринин тоо жагында басмачыларды талкалаганы үчүн орус тилинде жазылган алкыш. "Эркин-Тоо" гезити. 1924-жыл, 25-ноябрь.

© Фото / ЦГА КФФД КР

Кыргызстандагы өзгөчө багыттагы бөлүктүн (ЧОН) активи: 1922-1923 жылдары Пишпек шаары менен уездинин милициясынын жетекчиси Турдалы Токбаев (ортодо) үй-бүлөсү менен куралдаштарынын арасында. 1924-жылы ал Москвада Кыргызстандын биринчи ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Пишпек. 1925-жыл.

Кыргызстандагы өзгөчө багыттагы бөлүктүн (ЧОН) активи: 1922-1923 жылдары Пишпек шаары менен уездинин милициясынын жетекчиси Турдалы Токбаев (ортодо) үй-бүлөсү менен куралдаштарынын арасында. 1924-жылы ал Москвада Кыргызстандын биринчи ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Пишпек. 1925-жыл. - Sputnik Кыргызстан
5/14

Кыргызстандагы өзгөчө багыттагы бөлүктүн (ЧОН) активи: 1922-1923 жылдары Пишпек шаары менен уездинин милициясынын жетекчиси Турдалы Токбаев (ортодо) үй-бүлөсү менен куралдаштарынын арасында. 1924-жылы ал Москвада Кыргызстандын биринчи ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Пишпек. 1925-жыл.

© Фото / ЦГА КФФД КР

"Манас" эпосунун араб ариби менен жазылган китебинин мукабасы. 1925-жыл.

"Манас" эпосунун араб ариби менен жазылган китебинин мукабасы. 1925-жыл. - Sputnik Кыргызстан
6/14

"Манас" эпосунун араб ариби менен жазылган китебинин мукабасы. 1925-жыл.

© Фото / ЦГА КФФД КР

Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү салтанаттуу жарыяланып жаткан учур. Пишпек, борбордук аянт. 1925-жыл, январь.

Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү салтанаттуу жарыяланып жаткан учур. Пишпек, борбордук аянт. 1925-жыл, январь. - Sputnik Кыргызстан
7/14

Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү салтанаттуу жарыяланып жаткан учур. Пишпек, борбордук аянт. 1925-жыл, январь.

© Фото / ЦГА КФФД КР

Кыргыз автономиялуу облусунун (КАО) аткаруу комитетинин президиумунун мүчөлөрү, белгилүү мамлекеттик жана маданий ишмерлер: Жайнак Саадаев (сол жакта биринчи), Жусуп Абдрахманов (сол жактан экинчи), Николай Узюков, Абдыкадыр Орозбеков, Илья Фатьянов, Ыбрай Тойчинов, Дали-Мырза Зульфибаев, Бех-Иванов, Тюрин, Рюмков жана Нуркул Кулназаров. Фрунзе. 1926-жыл.

Кыргыз автономиялуу облусунун (КАО) аткаруу комитетинин президиумунун мүчөлөрү, белгилүү мамлекеттик жана маданий ишмерлер: Жайнак Саадаев (сол жакта биринчи), Жусуп Абдрахманов (сол жактан экинчи), Николай Узюков, Абдыкадыр Орозбеков, Илья Фатьянов, Ыбрай Тойчинов, Дали-Мырза Зульфибаев, Бех-Иванов, Тюрин, Рюмков жана Нуркул Кулназаров. Фрунзе. 1926-жыл. - Sputnik Кыргызстан
8/14

Кыргыз автономиялуу облусунун (КАО) аткаруу комитетинин президиумунун мүчөлөрү, белгилүү мамлекеттик жана маданий ишмерлер: Жайнак Саадаев (сол жакта биринчи), Жусуп Абдрахманов (сол жактан экинчи), Николай Узюков, Абдыкадыр Орозбеков, Илья Фатьянов, Ыбрай Тойчинов, Дали-Мырза Зульфибаев, Бех-Иванов, Тюрин, Рюмков жана Нуркул Кулназаров. Фрунзе. 1926-жыл.

© Фото / ЦГА КФФД КР

8-мартка карата митинг. Мурдагы Киров көчөсү менен Дзержинский бульварынын кесилиши (азыркы Абдумомунов көчөсү жана Эркиндик бульвары). Пишпек. 1925-жыл.

8-мартка карата митинг. Мурдагы Киров көчөсү менен Дзержинский бульварынын кесилиши (азыркы Абдумомунов көчөсү жана Эркиндик бульвары). Пишпек. 1925-жыл. - Sputnik Кыргызстан
9/14

8-мартка карата митинг. Мурдагы Киров көчөсү менен Дзержинский бульварынын кесилиши (азыркы Абдумомунов көчөсү жана Эркиндик бульвары). Пишпек. 1925-жыл.

© Фото / ЦГА КФФД КР

Кыргыз автономдуу облусунун (КАО) жетекчилери: юстиция министри Таш Худайбергенов (сол жактан 2-катарда биринчи), жергиликтүү Коммунисттик партиянын 1-катчысы Николай Узюков (сол жактан 2-катарда үчүнчү), Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбеков (сол жактан 2-катарда бешинчи), анын орун басары Илья Фатьянов (сол жактан 2-катарда алтынчы). Фрунзе. 1926-жыл.

Кыргыз автономдуу облусунун (КАО) жетекчилери: юстиция министри Таш Худайбергенов (сол жактан 2-катарда биринчи), жергиликтүү Коммунисттик партиянын 1-катчысы Николай Узюков (сол жактан 2-катарда үчүнчү), Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбеков (сол жактан 2-катарда бешинчи), анын орун басары Илья Фатьянов (сол жактан 2-катарда алтынчы). Фрунзе. 1926-жыл. - Sputnik Кыргызстан
10/14

Кыргыз автономдуу облусунун (КАО) жетекчилери: юстиция министри Таш Худайбергенов (сол жактан 2-катарда биринчи), жергиликтүү Коммунисттик партиянын 1-катчысы Николай Узюков (сол жактан 2-катарда үчүнчү), Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбеков (сол жактан 2-катарда бешинчи), анын орун басары Илья Фатьянов (сол жактан 2-катарда алтынчы). Фрунзе. 1926-жыл.

© Фото / ЦГА КФФД КР

Кыргыз автономиялуу облусун (КАО) республика макамына өткөрүү боюнча комиссия. КАОнун Коммунисттик партиясынын катчысы Жайнак Саадаев (1-катарда сол жактан биринчи), Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбеков (тебетейчен), РСФСРдин Эл комиссарларынын кеңешинин төрагасынын орун басары, теги казак революционер Турар Рыскулов (көз айнекчен), Абдыкадыр Орозбековдун орун басары Илья Фатьянов, КАОнун аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Жусуп Абдрахманов (2-катарда сол жактан экинчи). Фрунзе. 1926-жыл.

Кыргыз автономиялуу облусун (КАО) республика макамына өткөрүү боюнча комиссия. КАОнун Коммунисттик партиясынын катчысы Жайнак Саадаев (1-катарда сол жактан биринчи), Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбеков (тебетейчен), РСФСРдин Эл комиссарларынын кеңешинин төрагасынын орун басары, теги казак революционер Турар Рыскулов (көз айнекчен), Абдыкадыр Орозбековдун орун басары Илья Фатьянов, КАОнун аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Жусуп Абдрахманов (2-катарда сол жактан экинчи). Фрунзе. 1926-жыл. - Sputnik Кыргызстан
11/14

Кыргыз автономиялуу облусун (КАО) республика макамына өткөрүү боюнча комиссия. КАОнун Коммунисттик партиясынын катчысы Жайнак Саадаев (1-катарда сол жактан биринчи), Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбеков (тебетейчен), РСФСРдин Эл комиссарларынын кеңешинин төрагасынын орун басары, теги казак революционер Турар Рыскулов (көз айнекчен), Абдыкадыр Орозбековдун орун басары Илья Фатьянов, КАОнун аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Жусуп Абдрахманов (2-катарда сол жактан экинчи). Фрунзе. 1926-жыл.

© Фото / ЦГА КФФД КР

Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин Борбордук аткаруу комитетинин имаратынын пайдубалынын салынышы (азыркы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин имараты). Фрунзе. 1926-жыл.

Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин Борбордук аткаруу комитетинин имаратынын пайдубалынын салынышы (азыркы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин имараты). Фрунзе. 1926-жыл. - Sputnik Кыргызстан
12/14

Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин Борбордук аткаруу комитетинин имаратынын пайдубалынын салынышы (азыркы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин имараты). Фрунзе. 1926-жыл.

© Фото / ЦГА КФФД КР

Кыргыз үй-бүлөсү жайлоодо. 1926-жыл.

Кыргыз үй-бүлөсү жайлоодо. 1926-жыл. - Sputnik Кыргызстан
13/14

Кыргыз үй-бүлөсү жайлоодо. 1926-жыл.

© Фото / ЦГА КФФД КР

Токмок шаарындагы №2 жетимдер үйүндө пионерлердин салтанаттуу жыйыны. Добулбас менен турган өспүрүм — келечектеги атактуу акын Алыкул Осмонов. Пишпек округу. 1926-жыл.

Токмок шаарындагы №2 жетимдер үйүндө пионерлердин салтанаттуу жыйыны. Добулбас менен турган өспүрүм — келечектеги атактуу акын Алыкул Осмонов. Пишпек округу. 1926-жыл. - Sputnik Кыргызстан
14/14

Токмок шаарындагы №2 жетимдер үйүндө пионерлердин салтанаттуу жыйыны. Добулбас менен турган өспүрүм — келечектеги атактуу акын Алыкул Осмонов. Пишпек округу. 1926-жыл.

Тема боюнча:
Бокоев: Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүүгө кыргыздар 54 жыл даярданган
Жаңылыктар түрмөгү
0