Жакында Кыргызстандын үч аймагында "Коопсуздук-2024" машыгуулары өтөт

© Фото / пресс-служба Министерства обороны КР"Коопсуздук" машыгуулары. Архивдик сүрөт
Коопсуздук машыгуулары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2024
Жазылуу
Иш-чара "Аскердик абал шартында мамлекеттик жана аскердик башкаруу органдарынын күжүрмөн тапшырмаларды аткарууну уюштура билүүсү" деген темада өтөт.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. 23-25-апрелде Талас облусунда, Оштун Кара-Суу районунда жана Баткендин Кызыл-Кыя шаарында "Коопсуздук-2024" машыгуусу өтө турганын Коргоо министрлиги маалымдады.
Аталган иш-чара "Аскердик абал шартында мамлекеттик жана аскердик башкаруу органдарынын күжүрмөн тапшырмаларды аткарууну уюштура билүүсү" деген темада болорун айтышты.
Ага Коргоо министрлигинин аскер кызматчылары, Талас, Ош жана Баткен облустарынын мамлекеттик органдарынын жана өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, ИИМдин, ӨКМдин жана УКМКнын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле ушул облустардын резервдик түзүлүштөрү катышарын билдиришти.
Аскерлер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2024
Аскер окуу жайларына документ кабыл алынып жатат. Кайда кайрылуу керек?
Жаңылыктар түрмөгү
0