УКМК: Ноокатта 41 гектар жерди элге мыйзамсыз берген кызмат адамдары кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКишен жана акча. Архивдик сүрөт
Кишен жана акча. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Ноокат районунда жер алдамчылыгына тиешеси бар бир катар кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жаңы-Ноокат айыл аймагында трансформацияланбаган 41 гектар жер үй куруу үчүн жасалма токтомдор менен берилген, анын орточо базар баасы 300 миллион сомду түзөт.
"Факт боюнча Жаңы-Ноокат айыл аймагынын мурдагы башчысы Р.Н.З., жер ресурстары боюнча адиси Э.Э.Т., Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук филиалынын бөлүм башчысы Б.А.Э., жетектөөчү адис А.Н.М., картограф К.И.Т. жана каттоо бөлүмүнүн башчысы С.Т.С. кармалды", — деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөр Ош шаардык сотунун тергөө судьясынын чечими менен 9-майга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилгени кошумчаланды.
УКМК баңгизатты коңшу мамлекеттерге жеткирүүгө жардам берген кишинин кармагалышы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2024
Үйдө катылган баңгизатты ит кошо издешип... УКМК шектүүнү кармаган видео
Жаңылыктар түрмөгү
0