Нөшөрлүү жамгырдан улам Таластын айылдарында дагы сел жүрдү. Видео

© Sputnik / Анатолий Устиненко / Медиабанкка өтүүСелдин кесепеттери. Архив
Селдин кесепеттери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Бүгүн, 22-апрелде, нөшөрлөгөн жамгырдан улам Талас районунун бир катар айылдарында да сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматта сел Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат, Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылдарында жүргөнү айтылат.
“Сел жүргөн аймактарда райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары, Жарандык коргонуу комиссиясы, облус жетекчилиги иштеп жатат”, — деп билдирди ӨКМ.
Атайын техникалар селдин кесепеттерин жоюуда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2024
Жалал-Абадда селден коргоочу тосмону суу алып, тургундар эвакуацияланууда
Жаңылыктар түрмөгү
0