Токтогулга суунун агып кириши агып чыккандан 3,4 эсе көбөйдү. Таблица

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктогул суу сактагычы. Архивдик сүрөт
Токтогул суу сактагычы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2024
Жазылуу
22-апрелге карата суунун агып кириши секундасына 559 метр кубду, агып чыгышы 165 метр кубду түзүүдө.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Токтогул суу сактагычына суунун келиши коротулгандан кыйла жогорулоодо. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКтын маалыматына таянуу менен "Апенди Бизнесмен" (Sputnik Кыргызстандын долбоору) Telegram каналы билдирди.
22-апрелге карата суунун агып кириши секундасына 559 метр кубду, агып чыгышы 165 метр кубду түзүп жатат.
Белгилей кетсек, 11-апрелден тарта суу керектелгенден көп агып келе баштады, бирок акыркы күндөрү айырма кыйла өстү. Натыйжада өлкөнүн башкы суу сактагычындагы суунун көлөмү көбөйдү, мисалы, 16-апрелде 7,3 миллиард метр куб болсо, азыр 7,4 миллиард метр кубдан ашты.
Эске сала кетсек, Токтогул ГЭСи Кыргызстандагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат.
Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2024
Энергетика министрлиги 1-майдан тарта электр кубаты кымбаттай турганын эскертти
Жаңылыктар түрмөгү
0