Өкмөт массалык уулануу боюнча жыйын өткөрүп, тапшырмаларды берди

© Sputnik / Кирилл Шипицин / Медиабанкка өтүүОорукананын палатасында турган капельница. Архив
Оорукананын палатасында турган капельница. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2024
Жазылуу
Чогулушта элдин ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланганы айтылды.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Министрлер кабинети Бишкектеги ресторандардын бириндеги массалык ууланууга байланыштуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Жыйында мындай окуяларды алдын алуу жана жарандардын ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланган. Анда тамак-аштын сапатын көзөмөлдөө жана коомдук мекемелерде санитардык эрежелерди сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Саламаттык сактоо министрлигине коомдук тамактануу тармагында санитардык-эпидемиологиялык жана тамак-аш коопсуздугунун эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптын өлчөмүн жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.
Ошондой эле Экономика жана коммерция министрлигине тамак-аш даярдоочу жайларда байкоочу камераларды милдеттүү түрдө орнотуу сунушун киргизүү милдеттендирилген.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги ресторандардын биринде эки той өтүп, анда ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 39га жеткени кабарланган.
Киши оз ачуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2024
Жалал-Абадда ооз ачууга барган 12 адам тамакка ууланды
Жаңылыктар түрмөгү
0