Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызстанда элдин депозиттик каражаты I кварталдын соңу менен 8%га өстү

© SputnikДепозиттерди коргоо боюнча агенттиктин аткаруучу директору Кадырбек Букуев
Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин аткаруучу директору Кадырбек Букуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2024
Жазылуу
Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин аткаруучу директору Кадырбек Букуев 1-апрелге карата депозиттердин жалпы көлөмү 475,4 миллиард сомду түзгөнүн айтты.
Ушул жылдын биринчи кварталында банк кардарларынын жалпы депозиттик базасы 8 пайызга же 35,3 миллиард сомго өстү. Бул тууралуу Кадырбек Букуев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстанда элдин депозиттик каражаты I кварталдын соңу менен 8%га өстү
Анын айтымында, агенттиктин фондундагы каражаттын көлөмү да көбөйүп, жыл башынан бери 6,7 пайызга жогорулап 6,2 миллиард сомду түзгөн.
"2024-жылдын биринчи чейрегинде банк секторунун кардарларынын жалпы депозиттик базасы 23 банкта жана бир микрофинансылык компанияда 35,3 миллиард сомго же 8 пайызга көбөйгөн. 1-апрелге карата кыргызстандыктардын депозиттеринин жалпы көлөмү 475,4 миллиард сомго жетти. Агенттиктин фондундагы каражаттын көлөмү да жогорулады. Ал жыл башынан бери 6,7 пайызга жогорулап, 6,2 миллиард сомду түздү. Фонд бир катар булактардан топтолот. Мисалы, депозиттерди коргоо системасынын катышуучуларынан 207,5 миллион сом өлчөмүндөгү календардык төгүмдөр алынды. Мындан тышкары, фонддогу каражаттарды баалуу кагаздарга алмаштыруу аркылуу киреше көрөт", — деди Букуев.
Ошондой эле адис банк сектору туруктуулугу менен экономиканын өсүшүнө шарт түзүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0