Мамлекеттик ишмер Жумабек Ибраимов 80 жашка чыкмак. Эскерүү маеги

Мамлекеттик ишмер Жумабек Ибраимов 80 жашка чыкмак. Эскерүү маеги
Жазылуу
Коноктор
Чолпон Баекова, КРдин маданиятына эмгек сиңирген юристЖумабек Ибраимовдун жубайы Шайыр СагынбаеваКРдын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Курманбек Раматов
Белгилүү мамлекеттик ишмер Жумабек Ибраимовдун көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка толмок. Фрунзе атындагы айыл чарба техникасын куруу заводунда мастер, инженер, конструктор болуп иштеп жүргөндө апасы катуу оруп калган. Иштин майын чыгара билген кызматкер экенин байкаган жетекчилер карандаш заводдун директору кылып дайындаган.
1985-жылы Балыкчынын элдик көзөмөл комитетинин төрагасы, кийин Коммунисттик партиянын шаардык бөлүмүндө биринчи катчы болуп иштеген. Кийин Абсамат Масалиев Фрунзеге чакыртып Компартиянын Борбордук Комитетинин уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары болуп, бир катар кызматтарды басып барып өкмөт башчы болгон.
Жумабек Ибраимовду элге жакын, таза иштеген аткаминер болгонун белгилешет. Аны жубайы жана кесиптештери эскеришти.
Жаңылыктар түрмөгү
0