24-апрелге карата аба ырайы

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЖамгыр жааган учурунда кишилер жолду өтүп бара жатат. Архив
Жамгыр жааган учурунда кишилер жолду өтүп бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Жазылуу
24-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Шаршембиде туруксуз аба ырайы күтүлүп, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +21…+26, Талас жеринде +19…+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +23…+28, Ысык-Көл, Нарын облустарында +16…+21 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +24…+26, Ош шаарында +25…+27 градуска чамалап барат.
Сел. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Пресс-борбор
Кыргызстанда сел кооптуулугу дагы деле бар
Жаңылыктар түрмөгү
0