Акылбек Жапаров өкмөт IT-индустрияны колдоого даяр экенин айтты

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архивдик сүрөт
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы интеллектуалдык менчик инвестиция тартуунун кыймылдаткыч күчүнө айланганын белгиледи.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Өлкө аймактарын өнүктүрүү үчүн интеллектуалдык менчик жана инновациялар: ийгиликтүү келечекке бирге" улуттук форумуна катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, анда Жапаров сөз сүйлөп, интеллектуалдык менчик социалдык-экономикалык өсүштүн жана инвестиция тартуунун кыймылдаткыч күчүнө айланганын белгиледи.
"Интеллектуалдык менчиктин экосистемасын өнүктүрүү, анын ичинде рыноктук инфраструктураны, экономиканын реалдуу секторунда инновациялык чечимдерди ишке ашыруу үчүн интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу механизмдерин калыптандыруу маанилүү", — деген Жапаров.
Ошондой эле ал өкмөт IT-индустриясын өнүктүрүү боюнча демилгелерди колдоого даяр экенине токтолуп, жаңы технологиялар келечек муун үчүн жаңы чакырыктарга айланганын кошумчалады.
Программист. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2024
Силикон өрөөнүндө Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын үйү ачылды
Жаңылыктар түрмөгү
0