Асыраган энесинен алып коюшкан. Бишкекте төрт айлык ымыркай чарчап калды

© Sputnik / Табылды КадырбековНаристе. Архивдик сүрөт
Наристе. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Жазылуу
Бөбөктүн абалы, жаш курагы, жаңы төрөлгөн бала өзгөчө кароого муктаж экени, ошондой эле наристе төрт айдан бери багылып жатканы эске алынбаганы белгиленди.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Шалаакылыктан улам Бишкекте төрт айлык ымыркай чарчап калганын Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-апрелде С.Н. аттуу жаран багып алган төрт айлык ымыркайына документ алуу үчүн Октябрь районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылган. Ал жерден ымыркайдын өздүгүн тастыктоочу документи жок болгондуктан милицияга кабар берилген.
Милиция менен соцкызматкерлер аялдан кызды тартып алып, Бишкек шаарындагы балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна тапшырышкан. Прокуратура бул учурда бөбөктүн абалы, жаш курагы, жаңы төрөлгөн бала өзгөчө кароого муктаж экени, ошондой эле наристе төрт айдан бери багылып жатканы эске алынбаганын белгиледи.
Тилекке каршы, ымыркай 12-апрелде реабилитациялоо борборунун медициналык кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам чарчап калган.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалганы айтылды.
Тергөө УКМК тарабынан жүргүзүлүп жатат.
Беби-бокс. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2024
Ымыркайдын көчөгө ташталбашы үчүн төрөт үйүндө жашыруун төрөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт
Жаңылыктар түрмөгү
0