Малайзияда эки тик учак сүзүшүп, 10 адам каза болду. Видео

© AFP / FRANCK FIFEТик учактар. Архивдик сурөт
Тик учактар. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Малайзияда аскердик парадга даярдануу учурунда эки тик учак сүзүшүп, 10 адам каза болду. Бул тууралуу Zvezdanews билдирип, видеосун жарыялады.
Маалыматка ылайык, окуя Лумут шаарында болгон. Тик учактар Малайзиянын королдук Аскер-деңиз флотунун 90 жылдыгына карата көргөзмөнүн алдында машыгып жатышкан.
Кагылышуудан кийин бир учак стадионго, экинчиси спорт комплексинин бассейнинин жанына кулаган.
Ооруканада жаткан бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2024
Бишкекте кулаган тик учак. Жабыркаган аскерлердин абалы айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0